Ушул тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) түрдүү кылмыштарга шектелип кармалган мурдагы кызматкерлеринин саны 22ни түзүүдө, алардын айрымдары тергөө абагында, кээ бирлери үй камагына алынган.
Бул тууралуу парламенттин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетинин 12-майдагы отурумунда УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев билдирди.
Эрбаев коопсуздук кызматын абийирсиз кызматкерлерден тазалоо иши уланып жатканын кошумчалады.
УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков 11-февралдан бери жети адам атайын кызмат системасынан кетирилгенин 18-мартта билдирген. Мындан сырткары 83 киши кызматынан бошотулуп, 13ү тартип жазасына тартылганы, алты киши атайын кызматка талапкерлердин тизмесинен чыгарылганы да белгилүү болгон.
Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Ошондон кийин УКМКнын бир катар кызматкерлери кармалып, иштен алынды. Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, Элдар Жакыпбековдун жакын адамы деп айтылып жаткан УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев, УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков камакка алынган.
Кармалгандардын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.(ZKo)