Адвокаттын кабарлашынча, Ташиев менен кошо жети адам айыпталып жатат. Кылмыш ишине "жашыруун" деген гриф коюлду. Мындай учурда сот отурумдары жабык өтөт.
Айыптоо жараяны аяктап, иш сотко өттү
"Бүгүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Камчыбек Ташиев боюнча кылмыш ишине айыптоо актысын бекитти. Ал бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн жана жооптуу кызматтык абалынан кыянат пайдаланган деп айыпталууда. Кылмыш ишин кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү. Бул иш боюнча Ташиев менен кошо дагы жети адам айыпталуучу катары өтүп жатат. Кылмыш ишине "жашыруун" макамы берилген. Бул бардык соттук отурумдар жабык өтөрүн жана тергөө менен соттун маалыматтарын ачыктоого тыюу салынарын билдирет", - деп жазды адвокат Икрамидин Айткулов.
Камчыбек Ташиев Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси («Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузуу менен бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө багытталган аракеттер») жана 337-беренеси («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») боюнча айыпталып жатат.
30-апрелде ага өлкөдөн чыкпоо тил каты түрүндө бөгөт чарасы тандалган.
Ташиев менен кошо Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы депутат Курманкул Зулушев Ички иштер министрлигинде сурак бергени кабарланган.
Ички иштер министрлиги козголгон кылмыш иши тууралуу дагы эле билдирүү жасай элек.
Мурдагы үч аткаминер 28-апрелде да сурак бергени айтылган. Эртеси күнү Ташиев өзүнө козголгон кылмыш иши тууралуу үн катып, ак экенин соцтармакка жазган:
“Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана Аллахым буюрса, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам. Кимдин күнөөсү болсо, ал жазасын тартат, ал эми таза болсо акталат. Себеби мамлекетибизде акыйкат сот системасын түзүүгө мамлекет башчыбыздын аракеттери көрүлгөн”.
Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш өзгөчө оор болуп саналат. Бул берене менен күнөөлүү деп табылгандардын мүлкү конфискацияланып, 10 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат. Ал эми 337-берене менен айыптуу деп табылган учурда 3000ден 5000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же "эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен" эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.
Сот эмне үчүн жабык өтөт?
Адвокаттын маалыматы жарыялангандан кийин коомчулукта Ташиевдин иши эмне себептен жабык өтөт деген суроо жаралып, социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратууда.
Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы кезектеги бийлик алмашуудан кийин 2020-жылы мамлекеттин башына келген командадагы, иш жүзүндө өлкөдөгү экинчи адам болуп турган жетекчинин соту ачык өтүшү канчалык маанилүү?
Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаковдун пикиринде, буга атайын кызматтын экс-төрагасына каршы көрсөтмө бергендердин купуялык тууралуу талабы себеп болушу ыктымал:
Сүйүн Өмүрзаков
"Купуя болгондон кийин иш сот отурумунда жабык режимде каралат. Бул мыйзамда каралган. Ооба, коомчулук иш ачык-айкын каралса деп күтүп жатат. Бирок купуя сыр эмнеден пайда болду? Күбөлөрүн арасында “менин аты-жөнүмдү коомчулук билбесин” деген учур болуп калышы мүмкүн. Балким, Камчыбек Ташиевге көрсөтмө бергендер арасында болуп калышы мүмкүн “мен купуя гана көрсөтмө бере алам” дегендер. Бирок сот процесси бүткөндөн кийин баары бир билинет. Коомчулук билет кандай болгонун. Бул убактылуу. Сот жабык өтөт. Отурумдар бүткөндөн кийин коомчулук баарын билишке укуктуу".
Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Болот Сагынаев Ташиевдин ишинин жабык каралышы жана саясаттагы олуттуу окуяларга түрткү болгон кат боюнча пикирин төмөнкүчө билдирди:
Болот Сагынаев
"Аны тергөө аныктайт го, купуя өтөбү же ачыкпы. Камчыбек Кыдыршаевич жөн кызматты ээлеп турган жок ушунча жыл аралыгында. Улуттук коопсуздук кызматын, эң бир жашыруун мекемени жетектеп турду. Ошондуктан купуя деп жатышат болуш керек, аны тергөө аныктады. Ал эми “75 кишинин каты” боюнча эч кабарым жок. Бирок, оюмду айта кетсем – арасында көбү мамлекеттик кызматтарды ээлеп жүргөндөр, алардын мамлекетке чоң салым кошконун деле уккан жокпуз, алар өмүр бою интрига менен алек болуп келишкен. Биз жаңы шайланып келдик, ошол кат боюнча же “сен президент тараптасыңбы же Камчыбек Кыдыршаевич тараптасыңбы” деп да эч бир тараптан суроо түшкөн эмес. Президентибиз жүргүзүп жаткан саясатты жалпы коомчулук да, парламент депутаттары да колдоп жатат. Мындай жагдай жаралбашы, парламентке келбеши керек болчу".
75 кишинин колу коюлган кат
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
Дагы караңыз
Ташиевге козголгон иш. "75чилердин каты" менен байланыш барбы?Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, 75 кишинин кайрылуусуна тиешеси жок экенин билдирген.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.
27-апрелде президент Садыр Жапаров “75чилердин катына” Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө жана сот аныктай турганын билдирген.
Ички иштер министрлиги бул кайрылууга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, анда аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевди жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган. Алар учурда камакта.
Акыркы саясий окуялардын фонунда Кундузбек Сулайманов, Элдар Сулайманов, Куванычбек Конгантиев, Шаирбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Нурланбек Азыгалиев, Гүлсүнкан Жунушалиева, Абдылдабек Эгембердиев өздөрү жазган арыз менен депутаттык мандатынан ажыратылды.
Алардын ичинен “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык ишке байланыштуу Камчыбек Ташиевдин иниси, экс-депутат Шаирбек Ташиев, Камбар-Ата-1 ГЭСин даярдоо этабындагы иштерге байланыштуу Кундузбек Сулайманов жана жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган деген айып менен Куванычбек Конгантиев кармалды.
“75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган.
Кыргыз коомчулугунда “75чилердин каты” делген ат менен белгилүү болуп калган кайрылуу президент Садыр Жапаров менен атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин тандемин эле ажыратпай, саясаттагы бир топ өзгөртүүлөр менен камоолорго жол ачты. Ушул күнгө чейин анын чыныгы демилгечиси ким, Жогорку Кеңешке ким алып келген жана парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетине кантип түшкөн деген суроолорго так жооп жок.
Дагы караңыз
"Конституция иштебесе баркы болбойт". Кыргызстандын Баш мыйзамына 33 жылАтайын кызматта иштеген 22 киши кылмышка шектелүүдө
УКМКда жетекчилик алмашкандан кийин акыркы жылдары атайын кызматтын түрдүү коркутуп-үркүтүүлөрүнөн, мыйзамсыз текшерүүлөрүнөн жабыркаганын, мүлкүн алдыртып койгонун, бизнесинен ажыраганын айтып чыккандар болууда. УКМКнын «коррупцияга каршы күрөш» жана эл арасында «кустуруу операциясы» деп аталып калган өнөктүгүнөн жабыр тартканын ондогон ишкерлер айтып, улам жаңы кайрылуулар чыгууда.
Президент Садыр Жапаров даттанган ишкерлердин арызы каралып чыгарын убада кылды.
УКМК жаңы жетекчилиги системаны тазалоо, ишмердүүлүктүн ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү үчүн кадрдык курамды активдүү тазалоо иштерин жүргүзүп жатканын билдирүүдө.
Ушул тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) түрдүү кылмыштарга шектелип кармалган мурдагы кызматкерлеринин саны 22ни түзүүдө, алардын айрымдары тергөө абагында, кээ бирлери үй камагына алынган.
Бул тууралуу парламенттин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетинин 12-майдагы отурумунда УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев билдирди.
Эрбаев коопсуздук кызматын абийирсиз кызматкерлерден тазалоо иши уланып жатканын кошумчалады.
Дагы караңыз
"Сотко кийлигишип, кыйноого чейин барышчу". УКМК тазаланып жатабы?УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков 11-февралдан бери жети адам атайын кызмат системасынан кетирилгенин 18-мартта билдирген. Мындан сырткары 83 киши кызматынан бошотулуп, 13ү тартип жазасына тартылганы, алты киши атайын кызматка талапкерлердин тизмесинен чыгарылганы да белгилүү болгон.
Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы кызматынан бошотулгандан кийин бир катар кызматкерлери кармалып, иштен алынды. Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, Элдар Жакыпбековдун жакын адамы деп айтылып жаткан УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев, УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков камакка алынган.
Кармалгандардын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.
Башкы прокурор Максат Асаналиев УКМКдан жабыр тартканын айткан ишкерлерден арыз көп түшүп жатканын, алардын саны 386га жеткенин 7-апрелде билдирген.
"Кыргызнефтегаздагы" жемкорлук: Милиция Шаирбек Ташиевди кармады
1-апрелде Жогорку Кеңештин экс-депутаты, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шаирбек Ташиев жемкорлукка шектелип кармалган.
ИИМдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин («Коррупция») негизинде кылмыш ишин козгоп, тергеп жатканы, бул ишти ачууга Мамлекеттик салык кызматынын жана аудитордук текшерүүнүн материалдары себеп болгону буга чейин айтылган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Камчыбек Ташиевдин иниси коррупцияга шектелип кармалды
Андан бир аз күн мурда "Кыргызнефтегаздагы" жемкорлукка байланыштуу төрт киши кармалганы кабарланган. 16-мартта Мамлекеттик салык кызматы “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык фактылар боюнча иликтөө жарыялап, мамлекет 4 млрд сомдон ашык зыян тартканын билдирген. Мунай сатууга аралашкан он чакты ортомчу компания Камчыбек Ташиевдин жакындарына, инисине жана уулуна тиешелүү экени айтылган.
18-мартта он чакты киши суралып, төрт киши кармалган. Министрлик бул боюнча иликтөө иштери уланып жатканын билдирген.
Дагы караңыз
"Журналисттер төрт жыл мурда эле айткан". Салык кызматы Ташиевдерди айыптады, ИИМ иш козгоду“Жүргүзүлүп жаткан тергөө иштеринин алкагында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери мыйзамсыз ишмердүүлүккө тиешеси бар адамдарды аныктап, кармашты. Тактап айтканда, 1983-жылы туулган Н.Н. – “Кыргызнефтегаз” ишканасынын Башкармалыгынын мурдагы төрагасы, 1980-жылы туулган А.Р. – “Кыргызнефтегаз” ишканасынын Башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары, 1988-жылы туулган А.Н. – тиешеси бар компаниялардын биринин директору, 1990-жылы туулган М.Б. – тиешеси бар компаниялардын биринин директору кармалды. Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тергөө аракеттери улантылууда” - деп айтылган Ички иштер министрлигинин 18-марттагы маалыматында.
Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев 17-мартта Фейсбук баракчасындагы билдирүүсүндө Салык кызматы тараткан маалыматтарды четке каккан.
Дагы караңыз
Ташиевдин уулу президентке кайрылган ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке кактыШаирбек Ташиев 14-мартта Жогорку Кеңештин депутаттыгынан расмий түрдө баш тартуу жөнүндө арыз берген. Февраль айында “Азаттыкка” курган маегинде Шаирбек Ташиев мыйзам бузбаганын, тергөөгө чакырса жооп берүүгө даярдыгын билдирген.
Мындан сырткары Шаирбек Ташиевдин былтыр декларацияда көрсөткөн 12 миллиард сомдук мүлкү тууралуу талкуу күчөп, мындай көлөмдөгү мүлктү кантип топтогон деген суроо коомчулукта токтобой келген. Экс-депутат өзү 12 миллиард сомдук мүлкү жоктугун, аны декларацияга жөн эле жазып койгонун айтып түшүндүргөн.