"Туруктуу кызматташтыкка багыт берүүчү жолугушуу". АКШ–Кытай мамилеси оңолуу жолуна түштүбү?

Си Цзиньпин жана Дональд Трамп. Бээжин. 2026-жылдын 14-майы.

Глобалдык кризис менен чырмалышкан глобалдык бизнес

Жакынкы Чыгыштагы кризистен улам дээрлик бардык өлкөлөрдө бензин, керосиндин баасы кымбаттап, экономика каржалып, элдин жашоосу кыйындап бараткан учур. Ушундай маалда дүйнөдөгү экономикасы эң ири эки өлкөнүн - АКШ менен Кытайдын лидерлеринин эки күндүк саммити аяктады.

Байкоочулар бул саммит глобалдык кризистерди чечүүгө чоң салым кошо албаса да глобалдык бизнестин туруктуу келечегине салым кошчудай деп оңунан баалап жатышат.

Трамп бул саммитти "ийгиликтүү, тарыхый окуя болду" деп бааласа, Си Цзиньпин "эки өлкө ортосундагы туруктуу кызматташтыкка багыт берчү жолугушуу" деп сыпаттады.

АКШ президенти Бээжинге дүйнөлүк дөө-шаа компания, корпорациялардын жетекчилерин ала барды. Tesla, Boeing, Nvidia, Goldman Sachs жана башка ондогон дүйнөдөгү эң бай компаниялардын жетекчилери барып, соңку бир-эки жылда АКШ-Кытай ортосундагы тариф талашы жараткан кээ бир тоскоолдуктарды чечүүгө жол ачыла баштаганы кабарланды.

Дагы караңыз

Трамп Си Ормуз каттамын калыбына келтирүүгө жардам сунуштаганын айтты

Трамп 15-майда Кытайда туруп алып Fox News телеканалына берген интервьюсунда Бээжин 200 Boeing учагын сатып алмай болгонун, Nvidia H200 жогорку класстагы чиптерин Кытайга сата баштаарын, дагы ортодо ондогон миллиард долларлык соода келишимдери жакында жарыялана турганын айтты.

Жалпылап айтканда, АКШ-Кытай саммити эки ири мамлекет ортосундагы атаандаштык, айырмачылыктарды жойгон жок, ал улана берет, бирок ири экономикалык, соода алакалары жолго коюлса андан жалпы дүйнөлүк экономика олжо табаары шексиз. Азырынча Вашингтон тарап Кытай америкалык чийки мунай, суюлтулган газ, уйдун этин жана башка товарларды сатып ала турганын да ортодогу жетишкендик катары кабарлады.

Эки тарап Иран, Тайван маселесинде соодалашабы?

АКШ-Кытай саммитинде, албетте, Ирандагы кризис талкууланды. Дональд Трамп Fox News телеканалына берген интервьюсунда Иран боюнча эки тарап бирдей көз карашта экенин, “Кытайдын лидери Иран өзөктүк куралга ээ болушун колдобой турганын" айтты.

Андан тышкары "Бээжин Ормуз кысыгы толугу менен ачылып, ал жерде согуштук аракеттер токтотулушун колдойт, керек болсо Иран боюнча сүйлөшүүлөргө арачылык кылууну да сунуштады” деп билдирди.

Кытайдын бийлиги азырынча бул маалыматтарды өз тарабынан ырастаган жок. Адаттагыдай эле расмий Бээжин Жакынкы Чыгыш кризиси тынч жол менен чечилиши керектигин кайталап, "Иранга каршы согуш башталбашы керек эле” деген пикирин белгиледи.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бээжин: Трамп менен Си эмнени сүйлөштү?

Кытай Ирандан мунай сатып алган мамлекеттердин сап башында турат, ошондуктан Ирандын тегерегиндеги кризистин жөнгө салынышына Кытай абдан кызыкдар.

Азырынча "Кытай Ирандан мунай сатып алууну азайтат же Тегеранга курал-жаракка керектелчү алдыңкы технология жана башка материалдык жардам көргөзүүнү токтотот" деген маалымат айтылган жок.

Кытай тарап тараткан маалыматтарда Си Цзиньпин АКШ президентине Тайван маселесинде абдан этият болууну эскерткенине басым жасалды. 23 миллиондой калкы бар өзүн өзү башкарган Тайван аралын Кытай өзүнүн ажырагыс бир бөлүгү деп эсептейт.

Тайвандын жетекчилиги ишембиде аймак көз карандысыз, демократиялуу өлкө экенин кайталады.

АКШда Тайвандын өз алдынча бийлигин колдоо максатында 14 миллиард долларлык курал-жарак, аскердик техника жөнөтүү тууралуу келишимдин долбоору даяр турат, ага эми Дональд Трамп кол койобу же Бээжин менен дипломатиялык мамилелерди бузбаш үчүн создуктурабы, азырынча белгисиз.

Трамп ишембиде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: "Бул биз үчүн Кытай менен соодалашууда абдан оңтойлуу маселе. Биз Тайван маселесин абдан узак талкууладык", - деп айтып чектелди.

Эксперттер АКШнын буга чейин уланып келаткан салтын бузуп Дональд Трамп Тайванга көргөзүлчү аскердик жардамды создуктуруп, ал үчүн Бээжин тараптан башка экономикалык пайда табууну көздөшү мүмкүн деп эскертүүдө.

Согуш, кризистер глобалдык геосаясатты өзгөртүүдө

Кытай тышкы саясатта же геосаясий максаттарда дайыма коопсуздукту биринчи орунга койот. Ормуз кысыгы башкаларга жабык турса да, Ройтерс агенттиги шаршембиде АКШ-Кытай саммити башталар алдында 30дай мунай ташыган танкер ал жерден тоскоолдуксуз өткөнүн, арасында Кытайга кара май ташып бараткан танкерлер бар экенин кабарлады. Кытай өз кызыкчылыктарын ишке ашырыш үчүн бардык тараптар менен ийкемдүү саясатын жүргүзө берет.

АКШ-Кытай саммити учурунда Бээжин тараткан бир да маалыматта Иран же Ормуз кысыгы тууралуу ачык айтылган жок. Анткени Тегеран менен мамилелерди да этияттап жүргүзүү керек. Эки өлкө тең ШКУга мүчө, ортодо коопсуздук боюнча милдеттенме, ири экономикалык кызматташтык бар.

Дагы караңыз

Ирандык генерал тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча Тегерандын шарттарын атады

Си Цзиньпин коммунисттик Кытай жетекчилиги дүйнөдө бир полярдуу эмес, көп полярдуу, же бир мамлекеттин үстөмдүгү болбогон, ар башка мамлекеттердин же аймактардын түрдүү көз караштарынын атаандаштыгы өкүм сүргөн системаны колдой турганын кайталап келатат. Эксперттер азыркы Иран кризисин да, Украинадагы согушту да Кытай тарап АКШ, башка Батыш өлкөлөрүнүн лидерлигин, таасирин азайтып, алсырата турган фактор катары ыңгайлуу пайдаланып жатканын белгилешет.

Башында Батыш өлкөлөрү Кытай менен соода-экономикалык алакаларды кеңейте берсек, өнүккөн эркин экономика Кытайда өзүнөн өзү эле демократиялуу, же капиталисттик системага алып келет деп ишенсе, азыр андай байоо ишенич жок. Кытай глобалдык саясатта лидер болууга умтулбай, экономика, соода, бизнес жагынан лидерликке умтулуп жатканы айдан ачык.

Бирок ага да азыр дүйнөдөгү согуш, кризистер жолтоо болуп, экономикалык өсүшү, арышы жайлап, коммунисттик партиянын беш жылдык пландарын өзгөртүп, глобалдык дымагын басаңдатып жатканы талашсыз.