Орус рублинин сомго карата курсу 2022-жылдан берки рекорддук чекке жетти. Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматына караганда, 18-майда 1 орус рубли 1,1932 сом болду. Бул Орусия Украинага кол салган, 2022-жылдын февраль айынан берки эң жогорку курс.
Украинадагы согуш башталган учурда рублдин курсу кескин төмөндөп, Кыргызстандагы айрым акча алмаштыруучу жайларда 60 тыйынга чейин сатылган.
2024-жылдын аягында орус рублинин дагы төмөндөөсү байкалып, 1 рубль 78 тыйын болуп калган.
Улуттук банктын маалыматына караганда, 2025-жылы Кыргызстанга чет жактардагы жеке адамдардан 3 млрд 491 млн доллардан ашуун акча которулган болсо, анын 3 млрд 231 млн доллары Орусиядан жиберилген. (ZKo)