Жыл башынан бери Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин эмгек инспекторлору маянасын ала албай жүргөндөргө жардам берип, иш берүүчүлөрдүн 500дөй мыйзам бузуусун аныкташты. Мекеменин маалыматына караганда, аларды жоюу боюнча 105 эскертүү жазуу түрүндө берилди.
Текшерүү учурунда өзгөчө көңүл эмгек акыны өз убагында төлөө, эмгекти коргоо талаптарын сактоо жана эмгек мамилелерин мыйзамдуу тариздөө маселелерине бурулду. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында өз учурунда берилбей, кармалып калган 3 млн 245 миң сомдон ашык айлык акы төлөтүлдү.
Мындан тышкары инспекторлор алгачкы кварталда өндүрүштөгү 33 кырсыкты иликтеп, мыйзам бузуулар үчүн жалпы 1 млн 899 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жумуш берүүчүлөрдүн эмгек мыйзамдарын сактоосун камсыз кылуу, эмгекти коргоо талаптарын күчөтүү жана жарандардын эмгек укуктарын коргоого арналган иштер мындан ары да улантыларын эскертүүдө.
2025-жылы иш учурундагы түрдүү кырсыктардан 161 адам жабыркаганы аныкталган. Алардын ичинен 94 адам оор жаракат алып, 63ү каза болгон. Каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө 111,057 млн сомдук кенемте төлөнүп берилген.(ZKo)