АКШнын президенти Дональд Трамп 19-майда Ак үйдө журналисттер менен баарлашуусунда Иранга кайрадан чабуул жасоого туура келип жатканын билдирди.
Бир күн мурун Ак үйдүн башчысы Иранга кайрадан сокку ура баштоо планын токтотуусу Тегерандын жаңы тынчтык сунуштарына байланыштуу болгонун айткан.
Дональд Трамп Ирандын лидерлери келишимге барууну суранып жатканын, эгер мунаса жетишилбесе жакынкы күндөрү АКШ жаңы чабуул жасарын белгиледи.
"Эки же үч күн, балким жума, ишемби, жекшембиде, балким кийинки жуманын башында. Кеп убакыттын тардыгында, анткени биз алардын жаңы ядролук куралга ээ болушуна жол бере албайбыз", - деди АКШ президенти журналисттерге.
Шейшемби күнү Ирандын мамлекеттик телеканалдары Тегерандын акыркы тынчтык сунушунда бардык фронттордо, анын ичинде Ливанда аскердик аракеттерди токтотуу, Иранга жакын аймактардан америкалык аскерлерди чыгаруу жана АКШ менен Израилдин баскынчылыгынан улам келтирилген зыянга кенемте төлөп берүү талаптары камтылганын маалымдашкан.
Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казим Гарибабади Тегеран ошондой эле өлкөнүн активдерин камактан чыгаруу жана АКШнын Ирандын жээктерин бөгөттөсүн токтотуу шарттарын койгонун билдирди. Иран медиаларында айтылган шарттар Тегерандын мурдагы, Дональд Трамп өткөн жумада "таштанды" деп атаган шарттарынан айырмасы аз экенин Reuters агенттиги белгиледи.
19-майда, Париждеги эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин, G7 өлкөлөрүнүн финансы министрлери дүйнөлүк экономикага келтирилүүчү көптөгөн көйгөйлөрдөн улам "коопсуз өтмөктү эртерээк калыбына келтирүүгө" - Ормуз кысыгын ачууга чакырышты.
Дональд Трамп Иранды кайрадан аткылай баштоо ыктымалдыгы тууралуу буга чейин да айткан, бирок, ошол эле учурда Тегеран менен келишим жакындап калганына үмүттөнөрүн да билдирген. Келишим дүйнөлүк мунай жана башка товарлардын негизги жолу саналган Ормуз кысыгынын ачылышына шарт түзмөк.