Москвадагы батирлердин биринде он күндөн бери дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык аялдын бычакталган сөөгү табылганын орусиялык жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.
mk.ru сайты ("МК") жазганына караганда, 33 жаштагы кыргызстандык аялды туугандары бир жумадан ашуун убактан бери издеп жатышкан. Акыркы жолу ал 8-майда "Марьино" метросунан чыгып, өзү жашаган үйдүн подъездине киргени көчөдөгү камерага түшүп калган. Андан кийин аны эч ким көргөн эмес.
Маркумдун сөөгү желим баштыкка оролуп, скотч менен чапталып, дивандын түбүнө катылган абалында 19-майда табылган.
"МК" укук коргоо органдарына шилтеме кылып билдиргендей, баштапкы маалыматтар боюнча 33 жаштагы Айгерим жердештери менен чогуу эки бөлмөлүү батир жалдап жашашкан. Маркум Москвадагы ооруканалардын бирин жыйнап иштечү.
"12-майда маркумдун эжеси ал жашаган батирге келгенде анда 31 жаштагы дагы бир кыргызстандык жаран болгон. Эжеси эч кандай шек таппай, кеткен. 18-майда батирге кайра келип, жакшылап караган учурда гана сиңдисинин сөөгүн дивандан тапкан. Булактын маалыматына ылайык, маркумдун мойну кесилген" деп жазды басылма.
Батирде маркум менен чогуу жашаган бир эркек адам кармалганы, дагы бир кыргызстандык 30 жаштагы жаран үйдөн 11-12-май күндөрү көчүп кеткени, ал Казакстанга чыгып кетиши ыктымалдыгы айтылды.
Бул факт боюнча Орусия Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш иши козголуп, иликтеп-тергөө иштери жүрүп жатканы кабарланды. Окуяга байланыштуу Кыргызстандын Москвадагы Консулдугу тактоо иштерин жүргүзүп жатканын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди. (ZKo)