Бишкекте быйыл 33 мектептин курулушу башталат

Бишкектеги мектеп. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында быйылкы жылы 33 жаңы мектептин курулушу башталат. Бул тууралуу 20-майда шаардагы окуучулардын ата-энелери менен жолугушуу учурунда борбор калаанын башчысы Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын сөзүнө караганда, административдик-аймактык реформадан соң жана ички миграциядан улам мектеп окуучуларынын саны кескин көбөйгөн. Мэрдин маалымдашынча, эки-үч жыл мурда шаарда 180 миңдей бала окуса, азыр 260 миңдей окуучу бар.

Жунушалиев учурда 20 мектеп курулуп жатканын билдирди. Аларга кошумча дагы 12 мектеп Сауд Арабиясынын фонду аркылуу, бир мектеп Орусиянын колдоосу менен курулуп жатат. Мындан тышкары мэриянын эсебинен үч мектеп жана төрт бала бакча курулмакчы.

Ошондой эле мэриянын менчигине мурда мыйзамсыз менчиктештирилген имараттар кайтарылууда. Бүгүнкү күнгө чейин сегиз бала бакча кайтарылса, анын бешөө оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, бала бакча катары пайдаланууга берилген.

Бишкектеги мектепте орун жетишсиздигинен балдар бир класста 40тан ашып кеткени, бул билим берүү сапатына терс таасирин тийгизери тууралуу сындар арбын айтылып келет. Калаа башчылыгы көп кабаттуу үйлөрдү тургузган курулуш компанияларына мектеп, бала бакча кошо курууну милдеттендиргени менен, бул ишке толук аша элек.(ZKo)

Дагы караңыз

Депутат Кашка-Суудагы жол кырсыгы үчүн чиновниктер да жооп бериши керектигин айттыПрокуратура "УКМКда кыйноого кабылдым" деген ишкердин арызы боюнча иш козгоду"Маселе көп, жоопкерчилик аз". Көйгөйүн айткан элеттиктер Москвада кыргызстандык аял киши колдуу болгону кабарланды“Регион” телеканалынын директору алмашканы белгилүү болдуКараколдо МИК курган үйлөрдүн ичин жаан суусу каптады