Европа Биримдиги Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетинде Кыргызстанга жалпы чара колдонуп, товарлардын эки түрүн экспорттоого тыюу салган. Расмий Бишкек буга мамлекеттин тиешеси жоктугун айтып, так далилдерди талап кылып келген.
Кыргыз өкмөтүнүн кадамы
Кыргыз өкмөтү Батыш өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдүн алкагында санкцияларды кыйгап өтүүгө тиешеси бар компаниялардын юридикалык каттоосу жокко чыгарууну караштырып жатканын майдын башында билдирген.
Юстиция министрлиги 18-майда маалымат таратып, күмөндүү 50 ишкананын иши токтотулганын расмий билдирди.
“Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан биринчи жолу санкциялык тобокелдиктери жогору болгон операцияларга аралашкан 50 юридикалык жактын ишин бир убакта токтотуу жөнүндө буйрук чыгарылды. Бул чара "тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн ак ниетсиз катышуучуларын жана санкциялык тобокелдиктери жогору болгон операцияларды аныктоо боюнча мекемелер аралык өз ара аракеттенүү жөнүндө" жаңы буйрукту ишке ашыруунун алкагында кабыл алынды”, – деп айтылат Юстиция министрлигинин билдирүүсүндө.
Юстиция министрлиги бул чара Кыргызстандын экономикасын Батыш өлкөлөрүнүн экинчи санкциялык чараларынын терс кесепеттеринен коргоо максатын көздөй турганын түшүндүрүп, тизмени Экономика жана коммерция министрлиги жана башка органдар бергенин кабарлады. Компаниялардын аталышы ачык жарыяланган жок.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 19-майда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде күмөндүү компаниялардын тизмесин кайсы өлкөлөр бергенин ырастады:
“Мамлекет тарабынан андай иш-аракеттер (ред: санкцияны айланып өтүү) жок. Бирок айрым компаниялар бар. Ошондуктан биз комиссия менен байланыштабыз. Алар тобокелдиктерди айткандан кийин аны изилдеп, жооп кайтарабыз. Мисалы, АКШ жана Улуу Британия 51 компания боюнча айып койду. Биз изилдеп чыгып 50 ишкананын каттоосун токтотуп койдук. Шек жараткан жагдайлар бардыр. Эми аны сотто далилдейбиз”.
"Санкциялардын алынышы кыйын"
Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларын 2014-жылы Москва Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин сала баштаган. 2022-жылы орус аскерлери Украинага басып киргенден бери алар Москвага улам жаңы санкциялардын топтомун салып келатышат.
Орусия мындай чаралардан буйтап, товар жүгүртүүсүн өнөктөш өлкөлөр, көбүнчө Борбор Азиядагы өлкөлөр аркылуу жүргүзө баштаганда бул чөлкөмдө катталган компанияларга экинчи деңгээлдеги санкциялар салына баштады.
Айталы, Кыргызстандагы компанияларга 2023-жылы май айында биринчи жолу санкция салынды. “Азаттыктын” эсебинде, 2026-жылдын башына карата 28 кыргызстандык компания Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына илинди. Мындан сырткары ушул эле компаниялардын негиздөөчүлөрү же жетекчилери да “кара тизмеде”.
Европа Биримдиги быйыл февралда Украинадагы согуштун төрт жылдыгына карата сунушталган санкциялардын 20-пакетинде жеке компаниялардан сырткары Кыргызстанга санкция салынары көрсөтүлгөн. Бирок ал маалда документ кабыл алынбай калган.
Данияр Амангелдиев жана Дэвид О’Салливан. 2026-жылдын 27-февралы.
Мунун артынан эле Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан Бишкекке келип, Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү менен жолугуп кеткен. Ага карабай апрелдин аягында санкциялар топтому кабыл алынып, Кыргызстанга товардын эки түрүн (металлдарды кесүүчү станокторду жана үн, сүрөт, видео маалыматтарын берүүчү модем, маршрутизатор сыяктуу байланыш каражаттарын) сатууга тыюу салынды.
Эл аралык медиалар муну бүтүндөй мамлекетке санкция салынган биринчи учур катары жазышты.
Мына ушундан кийин Кыргызстандын бийлиги Батыш өлкөлөрү менен мунаса таап, күмөндүү компаниялардын ишине бөгөт коюуга макулдук берген сыяктуу. Кыргыз тарап муну менен айрым компанияларды, айталы, кыргыз банктарын санкциядан чыгарууну көздөп жатышы мүмкүн. Бирок адистер андай жеңилдик берилишинен күмөн санап турушат.
Саясат талдоочу Мүсүркул Кабылбеков буларга токтолду:
Мүсүркул Кабылбеков
“Брюссел Кыргызстан кош маанидеги реэкспорт менен алектене баштаган үч жылдан бери бизди санкция жөнүндө эскертип келди. Алар товарлар кайсы жактан келип, кайсы жакка кетип жатканын билерин да айтып турду. Бул эскертүүлөрдү биз кулактын сыртынан кетирип жаттык. Акыры чечим кабыл алды. Санкцияны салып коюу оңой, бирок аны кайра алуу өтө кыйын. Бул деген оюнчук эмес. Ал он жылдап кала бериши мүмкүн, керек болсо аны алып салган күндө да жаманатты аты кала берет. Ошондуктан менимче бул нерсе көпкө созулуп кетиши мүмкүн. “Муну көңүл сыртында калтырып, өткөрүп жиберем” деп ойлогон кыргыз өкмөтү жаңылганын түшүндү окшойт. Мына эми кесепетин тартып жатабыз”.
АКШнын, Улуу Британиянын жана Европа Биримдигинин “кара тизмесине” кирген 28 кыргызстандык компаниянын 14ү санкциялык товарларды Орусияга жеткирүүгө айыпталган. Төт компания акчаны адалдоо жана алтынды мыйзамсыз сатууга байланыштуу, экөө Орусиянын мунай компанияларынын туунду ишканалары катары илешкен.
Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларына илинген Кыргызстандагы компаниялар. 2026-жылдын мартындагы маалымат.
Кыргызстандагы төрт банк Орусияга финансылык кызмат көрсөтүүгө, анын ичинде криптоактивдерге байланыштуу көмөктөшкөн деп шектелүүдө. Калган төрт компания түздөн-түз криптовалюталарды чыгарууга жана аны санкциядан кыйгап өтүүгө пайдаланууга айыпталууда.
Президент Садыр Жапаров былтыр сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандын банктарын тез арада санкциядан чыгарууну талап кылган.
Өкмөт Батыш өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын маалымдап, алардан далилдерди сурап келген.