Маркум Чубак Жалиловго "Кыргызстандын эл баатыры" наамы берилди

Чубак Жалилов.

Кыргызстандын мурдагы муфтийи, диниятчы Чубак Жалиловго “Ак шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын эл баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин).

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Анда сыйлык диний билим берүүнү жана руханий агартууну өнүктүрүүгө, моралдык-адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандырууга, элдин маданий-диний салттарын сактоого кошкон өзгөчө салымы үчүн берилгени айтылат.

Белгилүү дин аалымы, мурдагы муфтий Чубак Жалилов 45 жашында 2020-жылдын июль айында коронавирустан каза болгон.

Ал 1975-жылы 21-январда Ош облусуна караштуу (азыркы Жалал-Абад облусундагы) Базар-Коргон районунун Мундуз айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.

1996-жылы Кыргызстандагы Ислам университетин бүтүргөн. Андан кийин үч жыл Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде араб тилинен сабак берген.

Чубак Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын жетектеген. Анын диний сабактары социалдык тармактарда кенен тарап, радио, телекөрсөтүүлөрдө да элдин суроолоруна жооп берип турчу. (BTo)

Дагы караңыз

Польшада үч жаран Орусияга тыңчылык кылууга шектелип кармалды Өзбек жарандары АКШнын айыл чарба тармагында иштөөгө мүмкүнчүлүк алат Сот экс-депутат Шаирбек Ташиевди камакта калтырдыСакчылар корпусу АКШ чабуулду жандантса, согуш чөлкөмдөн сыртка жайыларын эскерттиReuters: Москвадагы ири мунай заводу дрон соккусунан кийин ишин токтотту Трамп Иранга кайрадан чабуул баштоо ыктымалдыгы тууралуу айттыЖол эрежеси бузулганы тууралуу токтомдор "Түндүк" аркылуу жиберилетКүйүүчү-майлоочу майдын баасы боюнча маселе парламентте көтөрүлдүАгартуу министри башталгыч класстардын китептери алмашуусу мүмкүн экенин айтты