№18 кесиптик лицейде мугалим окуучуларды сабаган окуя иликтенүүдө

Социалдык тармактарда тараган видеодон алынган кадр.

Агартуу министрлиги Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейде мугалим окуучуларды таяк менен чаап жаткан окуя боюнча кызматтык иликтөө башталып, атайын комиссия түзүлгөнүн билдирди.

Министрликтин маалыматында иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча окуяга юридикалык жана педагогикалык баа берилип, зарыл болгон тартиптик чаралар көрүлөрү айтылды. Мындан тышкары, окуучулардын укуктарын коргоону күчөтүү, зомбулукка жол бербөө жана педагогикалык этиканын талаптарын сактоо боюнча кесиптик лицейдин жамаатына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

20-майда социалдык тармактарда №18 кесиптик лицейде мугалим окуучуларды ур-токмокко алганы тууралуу видео тараган. Тасмадан чоң адам балдарды бирден тургузуп таяк менен чаап жатканын көрүүгө болот.

Кыргызстанда буга чейин да мугалимдер окуучуларды сабаган же, тескерисинче, окуучулар педагогдорго кол көтөргөн окуялар болгон. (BTo)


Дагы караңыз

Украина баллистикалык ракета жана дрон чабуулуна кабылдыReuters Орусиянын мунай жана газ кирешеси 40% өсүшү мүмкүн деп болжолдоодоОрусияда дрон тийген мунай заводу өрттөнүп жатат, эки адам каза болгону айтылдыАкунбеков Ысык-Көл акыркы 10 жылда жарым метрге чейин тайыздаганын айттыМаркум Чубак Жалиловго "Кыргызстандын эл баатыры" наамы берилдиАдвокат Айткулов Камчыбек Ташиев соттук отурумдарга келерин айттыБУУ Кыргызстандын демилгеси менен чек ара талаштарын тынч чечүү тууралуу резолюция кабыл алды