Азия чемпионаты (U-23): Кыргызстандык алты балбан медал алды

Байге алган балбандар. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тараткан сүрөт.

Вьетнамда өтүп жаткан жаштар арасындагы Азия чемпионатында (U-23) грек-рим күрөшүнөн Кыргызстандын балбандары алты медал алды.

Ырыскелди Хамзаев (72 килограмм), Эрлан Марс уулу (82 килограмм) жана
Нурболот Токтогонов (130 килограмм) Азия чемпиону болушту.

Жеңиш Жумабеков (97 килограмм) күмүш медал тагынса, Нуристан Сүйөркулов (60 килограмм) менен Баяман Каримов (67 килограмм) коло байге алды.

Мелдештер 31-майга чейин уланат. Алдыда грек-рим күрөшүнөн калган салмакта беттештер болот. Андан тышкары кыз-келиндер күрөшү жана эркин күрөш боюнча балбандар күч сынашат. (BTo)

Дагы караңыз

Аида Салянова Кыргыз шахмат союзунун президенти болуп шайландыАКШда Улуттук чалгын мекемесинин башчысы кызматтан кетүүгө арыз бердиОккупациядагы Луганскиде коллежге урулган соккудан каза болгондор онго жеттиКытайда көмүр шахтасындагы жарылуудан 90 адам мерт кеттиРайондук сот президенттин мурдагы кеңешчиси Кубандыковду эки айга камакка алдыКурулуш министрлиги Оштогу сейил бактын ураган тосмосу боюнча түшүндүрмө берди"Эл үмүтү" программасынын катышуучулары мамлекетке беш жыл иштөөгө милдеттендирилетЖапаров менен Рахмон кызматташтыкты жана алдыдагы иш-чараларды талкуулашты