Аба ырайы: жаан жаайт

27-28-май күндөрү өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Ашууларда кар көчкү жүрүшү жана кар жаашы күтүлүүдө. Түнкүсүн жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

27-майда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо кар жаайь. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22.

Бишкек шаарында күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 26…28° жылуу болот.

Дагы караңыз

Курман айт намазы Бишкекте эски аянтта окулатКүйүүчү май саткан компанияларга субсидия берилет"Жумушчу жок". Кыргызстан чет элдиктерге эмгек квотасын эки эсе көбөйттүКыргызстандын алыскы аймагындагы мектеп Starlink интернетине кошулдуТрамп Сауд Арабиясын, Катарды Авраам келишимине кошулууга чакырдыМосква аймагында чакан учактардын учуусуна тыюу салынды