Британиянын Тышкы иштер, шериктештик жана өнүктүрүү министрлигинин 26-майдагы билдирүүсүндө, “Евразиялык сактык банкы” Орусиянын өкмөтү үчүн "стратегиялык маанилүү тармакта иштеген адамдарга финансылык тейлөө көрсөткөн" деп белгиленген. Ал эми "Мамлекеттик брокердик компания” жана "Виртуалдык активдердин эмитенти" (USDKG) орус өкмөтүнөн пайда тапкан же Орусияга экономикалык маанилүү иштер аркылуу аны колдогон болушу мүмкүн деп эсептелген.
Британ өкмөтүнүн тизмесинде 18 жеке жана юридикалык жактар бар. Алардын арасында үчөө кыргызстандык компаниялар.
Британ өкмөтүнүн сайтында Орусия санкцияларды буйтап өтүү үчүн колдонуп жаткан криптовалюталык жана мыйзамсыз финансылык тутумдар тыкыр байкоодо турганы жазылган.
Андыктан, Путиндин согуштук машинасына басымды күчөтүү үчүн бул жолу санкцияларды буйтоого колдонулган криптотутумдарга катаал санкцияларды киргизүү чечими кабыл алынган.
Бул жолку санкциялар каражаттарды Орусиянын согуштук экономикасына багыттоо үчүн Кыргызстандын финансылык системаларын жигердүү колдонгон А7 тутумун камтыган.
А7 тутуму – батыштын санкцияларын буйтоо, согуштук сатып алууларды каржылоо жана мунайдан түшкөн каражатты согуштук экономикага жүгүртүү үчүн Кремлдин колдоосундагы система деп эсептелет. Тутум аркылуу былтыр 90 млрд доллардан ашуун каражат өткөнү кабарланган, бул Орусиянын бир жылдык согуштук чыгымынын дээрлик жарымына барабар келет.
Улуу Британиянын Тышкы иштер министри Иветт Купер Кремл санкциялардан криптотутумдар менен көмүскө финансылык системаларга жамынып буйтап өтүүгө ниет койсо, терең жаңылышарын билдирген.
«Улуу Британия Орусия чектөөлөрдү кыйгап өтүүгө колдонуп жаткан тактика менен күрөшкө мамилесин ыңгайлаштырат жана күчөтөт. Украина согуш талаасында Орусияга басымын күчөтүп жаткан кезде биз анын согуштук экономикасынын өзөгүндө жаткан инфратүзүмгө сокку урабыз. Путиндин согуштук машинасын колдогон финансылык каналдардын артынан түшүп, жолун торойбуз. Орусиялык агрессияны колдогондорго эч кандай баш калка болбойт”.
Санкциялык чаралардын алкагында британ бийлиги "Евразиялык сактык банкынын" активдерин камакка алып, трасттык тейлөөлөрүн чектейт, директорлоруна да чектөөлөрдү киргизет жана корреспонденттик банктын мамилелер менен төлөмдөрдү иштетүүгө тыюу салат.
Кыргыз фондулук биржасындагы маалыматтарга ылайык, “Евразия сактык банкынын” көзөмөл пакети (60,95%) 2023-жылдын декабрында Санарип министрлигинин колуна өткөн. Кийин, 2024-жылдын январында президенттин алдындагы Инвестиция боюнча улуттук агенттикке берилген.
Санкциялык документте "Виртуалдык активдердин эмитенти" компаниясы менен “Мамлекеттик брокердик компания” криптовалюта жана виртуалдык активдер тармагында иштеп, Орусия менен байланышкан финансылык операцияларга жардам берген деп эсептелет. Документте интернет кызматтарына байланыштуу санкциялар дагы көрсөтүлгөн. Башкача айтканда британ интернет-платформалары бул компаниянын кызматтарын чектеши керек, активдери камакка алынат, финансылык операцияларга бөгөт коюлат.
“Виртуалдык активдердин эмитенти” ачык акционердик коомунун жалгыз уюштуруучусу Финансы министрлиги болуп саналат. Компания 2025-жылдын 31-октябрында алтын менен камсыздалган 50 140 738 USDKG деп аталган стейблкоин чыгарган. Бир стейблкоиндин номиналдык наркы бир АКШ долларына бааланат.
Кыргыз өкмөтү соңку жылдары криптоактивдер рыногуна жигердүү кирип, ал тармакта чөлкөмдөгү лидерликке умтулуп келет. Бул арада эки мамлекеттик стейблкойн чыгарган - биринчиси АКШ долларына байланган жана алтын менен камсыздалган USDKG болсо, экинчиси улуттук валюта сомго байланган KGST стейблкоини. Президент Садыр Жапаров эл аралык Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаону санарип активдери жана блокчейн технологиялары маселелери боюнча коомдук кеңешчи кылып алган.
“Мамлекеттик брокердик компания” 2025-жылдын сентябрь айында түзүлгөн. Аны Финансы министрлиги менен “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКы негиздеген. Уставдык капиталы 100 млн сомду түзөт. Брокердик жана дилердик ишмердүүлүктү, ошондой эле ишенимдүү башкаруу кызматтарын жүргүзүү лицензияларына ээ. Компания быйыл февраль айына карата 4 млрд сомдук баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү түзгөнүн жарыялаган.
Расмий Бишкек Лондондун акыркы санкцияларына комментарий бере элек.
Буга чейин Кыргызстандын мамлекеттик “Керемет Банк”, “Капитал Банк” банктары “криптоактивдер жана төлөм системалар жаатында кызмат көрсөтүп, Орусиянын Украинага каршы согушун колдогон” деген кине менен АКШнын, Улуу Британиянын санкциясына илинген.
Быйыл 18-майда Кыргызстандын Юстиция министрлиги санкциялык тобокелдиктери жогору болгон операцияларга аралашкан деген негизде 50 ишкананын ишин бир убакта токтотуу жөнүндө буйрук чыгарган. Министрлик муну санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу боюнча жаңы механизмдин алкагындагы биринчи аракет деп баалап, бирок кайсыл компаниялар жабылганын тактаган эмес.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 19-майда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде бул компанияларга АКШ менен Улуу Британия доо койгонун ырастаган.
“Мамлекет тарабынан андай иш-аракеттер (ред: санкцияны айланып өтүү) жок. Бирок айрым компаниялар бар. Ошондуктан биз комиссия менен байланыштабыз. Алар тобокелдиктерди айткандан кийин аны изилдеп, жооп кайтарабыз. Мисалы, АКШ жана Улуу Британия 51 компания боюнча айып койду. Биз изилдеп чыгып 50 ишкананын каттоосун токтотуп койдук. Шек жараткан жагдайлар бардыр. Эми аны сотто далилдейбиз”,- деген ал.
Мындан тышкары, британ өкмөтүнүн санкциялык тизмесинде крипто тармакта Орусиянын пайдасына иштеген деген жүйө менен латын америкалык, грузиялык компаниялар жана жеке жактар кошулган.
Санкциялар негизинен Орусиянын каржы чөйрөсүнө, крипто тармагына багытталган.
Британиянын "кара тизмесине" илинген жеке жактардын активдери камакка алынат, аларга Британияга кирүүгө тыюу салынып, трасттык тейлөөлөргө чек коюлат, жетекчилеринин директорлук кызматтарды ээлешине да тыюу салынат.
Майдын башында Британия учкучсуз учактарды чыгарууга жана мигранттарды согушка жалдоо ишине аралашкан деген негизде орусиялык 35 кишиге жана юридикалык жактарга санкция салган.
Саясат талдоочу Мүсүркул Кабылбеков Европа өлкөлөрү Кыргызстан кош маанидеги товарлардын реэкспорту менен алектене баштаган үч жылдан бери Бишкекти санкция жөнүндө эскертип келгенин эске салат. Товарлар кайсы жактан келип, кайда кетип жатканын ачык билген Батыштын эскертүүлөрү элес алынбаганы ушундай кадамдарды жаратып жатканын белгилейт.
“Санкцияны салып коюу оңой, бирок аны кайра алуу өтө кыйын. Бул деген оюнчук эмес. Ал он жылдап кала бериши мүмкүн, керек болсо аны алып салган күндө да жаманатты аты кала берет. Ошондуктан менимче бул нерсе көпкө созулуп кетиши мүмкүн. “Муну көңүл сыртында калтырып, өткөрүп жиберем” деп ойлогон кыргыз өкмөтү жаңылганын түшүндү окшойт. Мына эми кесепетин тартып жатабыз”.
Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларын 2014-жылы Москва Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин сала баштаган. 2022-жылы орус аскерлери Украинага басып киргенден бери алар Москвага улам жаңы санкциялардын топтомун салып келатышат.
Орусия мындай чаралардан буйтап, товар жүгүртүүсүн өнөктөш өлкөлөр, көбүнчө Борбор Азиядагы өлкөлөр аркылуу жүргүзө баштаганда бул чөлкөмдө катталган компанияларга экинчи деңгээлдеги санкциялар салына баштады.
Кыргызстандагы компанияларга 2023-жылы май айында биринчи жолу санкция салынды. “Азаттыктын” эсебинде, 2026-жылдын март айына карата 28 кыргызстандык компания Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына илинген. Мындан сырткары ушул эле компаниялардын негиздөөчүлөрү же жетекчилери да “кара тизмеде”.
Европа Биримдигинин дипломаттары быйыл апрелдин этегинде Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетин макулдашкан, анын алкагында Кыргызстанга да металл кесүүчү станокторду жана үн, сүрөт, видео маалыматтарын берүүчү модем, маршрутизатор сыяктуу байланыш каражаттарын сатууга тыюу салынмай болгон.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Евробиримдиктин Кыргызстанга байланыштуу чектөөлөрүн сындаган. Президент Садыр Жапаров 2025-жылы БУУнун жыйынында кыргыз банктарына салынган санкцияларды адилетсиз деп сындаган жана эл аралык калыс аудит жүргүзүүгө чакырган.