Reuters агенттиги жазгандай, Орусия Армениядагы парламенттик шайлоонун алдында премьер-министр Никол Пашиняндын кайра шайлануу планына тоскоолдук кылуу аракеттерин күчөттү. Маалыматка караганда, Москва Еревандын Батыш өлкөлөрү менен жакындашуусу уланышы мүмкүн деп кооптонуп жатат.
Агенттиктин беш булагынын айтымында, маалыматтык таасир көрсөтүү жана жалган маалымат таратуу өнөктүгүнөн тышкары, орус аткаминерлери 7-июнда өтө турган шайлоого катышуу үчүн он миңдеген армяндарды Арменияга жөнөтүү маселесин да талкуулашкан.
Армениянын мыйзамдарына ылайык, өлкө жарандары чет мамлекеттерде добуш бере алышпайт.
Reuters менен сүйлөшкөн булактардын маалыматына караганда, орус бийлиги 100 миң адамды Арменияга жеткирүү болжол менен 50 миллион долларга түшөрүн эсептеген. Ошондой эле май айынын ортосуна карата Кремль Орусиянын ар бир аймагына Арменияга канча адам жөнөтүлүшү керектиги боюнча квота белгилеп, даярдык тууралуу отчет берүүнү талап кылган.
Бул план канчалык ишке ашып-ашпаганын агенттик тактай алган эмес.
Reuters маалымдагандай, ушул айдын башында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында Пашиняндын «Жарандык келишим» партиясы алдыда келе жатат. Сурамжылоого ылайык, партия шайлоочулардын болжол менен 30% добушун алышы мүмкүн.
Ал эми армян тектүү орусиялык миллиардер Самвел Карапетяндын «Күчтүү Армения» партиясынын рейтинги болжол менен 6% түзөт.
Арменияда Карапетянга бийликти басып алууга чакырган жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бузууга аракеттенген деген айыптар коюлган. Ал өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкат менен бошотулуп, шайлоо өнөктүгүнө катышып жатат.
Москва менен Еревандын ортосундагы мамиле май айынын башында Ереванда өткөн саммиттен кийин курчуган. Анда Никол Пашинян өлкөнүн Евробиримдик менен байланыштарын чыңдоого умтуларын билдирген.
Саммитке Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери жана Украинанын президенти Владимир Зеленский катышкан.
26-майда Армения менен АКШ Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимге кол коюшкан. Ал эми эки күндөн кийин АКШ президенти Дональд Трамп Пашинянга колдоо көрсөтөрүн билдирген.
Орусиянын президенти Владимир Путин Ереванга «украин сценарийи» тууралуу эскертип, бул «өтө олуттуу маселе» экенин жана «абалды акыркы чекке чейин жеткирбөө керектигин» айткан.
Бул сын-пикирлерден кийин орус бийлиги Армениядан импорттолгон айрым товарларга чектөөлөрдү киргизе баштаган.
Мындан тышкары, Арменияда өндүрүлгөн «Жермук» минералдык суусун жана айрым алкоголдук продукцияларды сатуу токтотулган.
Ошондой эле Москва Ереван Евробиримдикке кошулуу багытындагы аракеттерин улантса, Арменияга жаратылыш газын, мунай продукцияларын жана алмазды бажы төлөмүсүз жеткирүү тууралуу келишимди токтотушу же бир тараптуу денонсациялашы мүмкүн экенин эскерткен.