Окуу жылынын аякташына арналган иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкекте жашы жете электер тарабынан бир катар мыйзам бузуулар катталды.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) басма сөз кызматы кабарлагандай, 29-май күнү борбор калаанын милиция кызматкерлери алдын алуу жана рейддик иш-чараларды өткөрүшкөн. Анын алкагында саат 22:00дөн кийин коомдук жайларда, мектептердин аймагында, компьютердик клубдарда жана көчөлөрдө жүргөн 50дөн ашык жашы жете элек өспүрүмдөр аныкталган. Алардын ичинен эки өспүрүм Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу Жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилди. Калгандары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин ата-энелерине өткөрүлүп берилди. Ата-энелерге жана мыйзамдуу өкүлдөргө карата Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 21 административдик протокол түзүлдү.
Өспүрүмдөр унаа башкарган 25 учуру аныкталган, алты баланын айдоочулук күбөлүгү болгону менен Жол кыймылынын эрежелерин бузган. Аларга да тиешелүү мыйзамдардын негизинде чара көрүлгөн. Айып короосуна киргизилген 19 машиненин 16сы тиешелүү документтерсиз пайдаланылган.
ШИИБ ата-энелерди жана мыйзамдуу өкүлдөрдү балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырып, алардын кечки жана түнкү убакта жүргөн жерин көзөмөлдөөгө үндөдү. Ошондой эле жашы жете электердин машине айдоосуна жол берилбешин эскертти.
Бишкекте милиция кызматкерлери 29-майдан 2-июнга чейин күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
ИИМ жана Агартуу министрлиги мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жана алардын ата-энелерине “Акыркы коңгуроо” салтанатын өткөрүү күнү коопсуздук эрежелерин сактоону эскерткен. Анда мектептен тышкары кошумча бүтүрүү кечелерин уюштурууга, фейерверк жана кооптуу каражаттарды колдонууга, жашы жете электердин унаа башкаруусуна жол берилбеси белгиленген.(ZKo)