“Элдик банк” ачык акционердик коому “Жогорку Нарын ГЭС каскадын” курууга насыя берет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 2-июнда Кыргызстандагы аманат ишмердигинин 100 жылдыгын белгилөөгө жана “Элдик банктын” жаңы имаратынын ачылышына арналган иш-чарада билдирди. Бирок качан жана канча насыя берет, тактаган жок.
Мамлекет башчы сөз болуп жаткан банк мындан тышкары транспорттук жана социалдык долбоорлорду каржылоого активдүү катышып, авиация тармагын өнүктүрүүгө, өлкөнүн билим берүү жана медициналык мекемелерин колдоого насыя бөлөрүн кошумчалады.
“Расчетно-сберегательная компания” – “Эсептешүү-сактык компаниясы” ачык акционердик коому 1996-жылы негизделген. 2008-жылдан тартып “РСК банк” аталышына өткөн. 2024-жылы “Элдик банк” болуп өзгөртүлгөн.
“Элдик банктын” уставдык капиталы 81,1 млрд сомду түзөт жана банктын 100% акциясы Министрлер кабинетине таандык.
“Жогорку Нарын ГЭС каскады” жабык акционердик коому 2012-жылдын октябрь айында Кыргызстандын жана Орусиянын өкмөт аралык келишимине ылайык негизделген. Орусия каражат бөлүп, Кыргызстанда “Жогорку Нарын ГЭС каскады” жана “Камбар-Ата-1” ГЭСи курулмак. Бирок кыргыз тарап бүт милдеттенмелерин аткарганына карабастан Орусиядан иш жылбай жатканын жүйө келтирип, бул келишимден чыккан.
Кийин орус тарап долбоорго “РусГидро” компаниясынын 37,5 млн доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылып, утуп алган. Кыргыз бийлиги бул сумма туумдары менен 54 млн долларга жеткенин кабарлаган. (BTo)