Эрулан Көкүлов МИК салып жаткан үйлөрдүн сапатын сынга алды

Эрулан Көкүлов.

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) салып жаткан үйлөрдүн сапатына байланыштуу маселе көтөрдү.

Ал парламенттин 3-июндагы жыйынында Каракол шаарында МИК курган көп кабаттуу үйлөрдү суу каптаган окуяны мисал кылып, бул үчүн тиешелүү кызмат адамдарына чара көрүлүшү керектигин айтты.

“МИК "арыктарга, түтүктөргө таштанды толуп калгандыктан үйлөрдү суу каптаган" деп жооп берди. Бирок ал калп. Караколдо салынган үйдө чатырдан ылдый суу агып түшө турган түтүккө дүйнөдөгү эң арзан түтүктү коюшкан. Жаан катуу жааганда талапка жооп бербеген түтүк тешилип, жарылып кеткен. Бул боюнча Курулуш министрлигине да кайрылгам. “Жаан катуу жааган үчүн суу каптады” деген да жооппу? Анда Бишкектеги үйлөрдүн баарын суу каптап кетпейт беле. Бүт Кыргызстанга ушундай да калп айтса болобу?”, - деди ал.

19-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам Караколдо Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) курган көп кабаттуу үйлөрдү суу каптаган. Жашоочулар бул биринчи окуя эмес экенин, буга чейин да батирлерин суу каптаганын айтышкан.

Ипотекалык компания 20-майда маалымат таратып, жабыркаган батирлерди өз эсебинен калыбына келтирерин жана жабыркагандарга компания жардам берерин билдирген. МИК ошондой эле жаан суусунун батирлерге жана подъезддерге агып киришин түтүктөргө таштанды толуп калганы менен байланыштырган.

МИКтин батирлеринин сапатына нааразы пикирлер буга чейин да айтылып келген. Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Мамлекеттик ипотекалык компания курган үйлөрдүн сапаты боюнча сынга жооп берип, “үйлөр тиешелүү стандарттар жана нормалар сакталып куруларын” айткан.

МИКтин учурдагы уставдык капиталы 2 млрд доллар. Компанияга быйыл Улуттук банктын 400 млн таза кирешеси да берилгенин президент парламентте сүйлөгөн сөзүндө билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Депутат интернет шылуундарга каршы күрөштү күчөтүү керектигин айттыКыргызстанда 650гө чукул, айрыкча орус тилдүү мугалим жетишсиз болуудаКендирбаева мектептерде мыйзамсыз акча чогулткандарга катуу чара көрүлөрүн айттыАннексияланган Крымдан кийин Луганскиде да күйүүчү май таңкыс болуудаТашкент жана Астана Еврошаркет менен миграция борборун түзүүнү макулдашпаганын билдирүүдө