Түркияда Кыргызстандын жараны Эрмек Сабыржанов диниятчы Фетхулла Гүлендин “Хизмет” (Түркия “Фетхуллачы террордук уюм” деп жарыялаган) кыймылына байланышы бар деген шек менен кармалды.
Маалыматка ылайык, ал ушул жылдын 22-майында суракка алынып, 23-майда камалган. 34 жаштагы Эрмек Сабыржанов Бишкек – Анкара – Түндүк Кипр аба каттамы аркылуу жубайы жана үч баласы менен кетип баратканда Анкара шаарындагы “Эсенбога” эл аралык аэропортунан укук коргоо кызматкерлери кармаган.
Алдын ала маалымат боюнча, Түркиянын укук коргоо органдары ага ФЕТО (“Фетхуллачы террордук уюм”) уюмуна байланыштуу айып тагып жатат. Эрмек Сабыржанов 2014-жылдары Түркиянын Измир шаарында билим алган.
Анын адвокаты Эрдем Атмажа “Азаттыкка” Эрмек Сабыржанов кармалганын ырастап, ушул тапта ал Анкарада абакта экенин кабарлады. Бирок кайсыл иш боюнча кине коюлганын айткан жок. Адвокат Сабыржановдун ишине байланыштуу бардык маалыматтарды Түркиядагы Кыргызстандын элчилигине бергенин кошумчалады.
Эрмек Сабыржановдун жубайы Аделина Касымова “Азаттыкка” үч баласы менен эки жумадан бери Түркияда жүргөнүн, бул мамлекетте жакындары жок болгондуктан кыйналып жатканын билдирди.
2025-жылдын апрель айында кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу да ФЕТО (“Фетхуллачы террордук уюм”) уюмуна байланышы бар деген негизде кармалып, былтыр декабрь айында Кыргызстанга кайтып келген. Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин, анын Кыргызстанга чыгып кетүүсүнө уруксат берилген.
2016-жылы 15-июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, буга байланыштуу үч жүздөн ашык адам набыт болгон. Режеп Тайып Эрдоган башында турган түрк бийлиги бул төңкөрүш аракети үчүн диний аалым Фетхулла Гүленди күнөөлөп, Вашингтондон аны өткөрүп берүүнү талап кылган жана анын кыймылын ФЕТО (“Фетхуллачы террордук уюм”) деп жарыялаган.
Эрдогандын мурдагы санаалашы, өнөктөшү Фетхулла Гүлен өзү жана анын тарапкерлери дооматтарды четке кагып, төңкөрүш аракетин бийлик өзү атайылап уюштурган деп жооп кайтарган. Гүлен 2024-жылдын октябрь айында 83 жашында АКШда каза болгон. (BTo)