Армения бийлиги, Европа биримдиги, айрым басылмалар жана аналитиктер Орусия Кавказдагы бул мамлекеттин шайлоосуна кийлигишүү аракетин көрүп келатканын, гибриддик согуш жүргүзгөнүн белгилешет. Москва айыптоолорду четке кагууда. Мындан тышкары армениялыктар 2023-жылкы согуштан кийин биринчи жолу добуш бермекчи. Уруш кошуна Азербайжандын жеңиши менен аяктаган.
Ошентип, Армения өлкөнүн келечегин аныктоочу, маанилүү шайлоонун босогосунда турат.
Сурамжылоолор көргөзгөндөй, премьер-министр Никол Пашиняндын "Жарандык келишим партиясына" респонденттердин 30% ишеним артат. Анын негизги атаандашы, Москва менен тыгыз байланыштарды жактаган орусиялык-армениялык миллиардер Самвел Карапетян 6-11% добуш алышы мүмкүн.
Орусиянын шайлоого кийлишигүү аракети
1-июнда Еврошаркет Орусияны Армениядагы шайлоого таасир этүүгө аракеттенүүдө деп айыптады. Биримдиктин тышкы саясий кызматынын расмий өкүлү Анитта Хипер Орусия Армениянын экономикасына зыян келтирүү, парламенттик шайлоонун жыйынтыгына таасир тийгизүү үчүн "ушул учурду тандап алганы бекеринен эмес" деп айтты.
Еврошаркет суверендүү жана демократиялык өлкө өз жолун жана өнөктөштөрүн тандоого укуктуу деп, премьер-министр Никол Пашинянга колдоосун билдирди.
Ага чейин армян өкмөт башчысын АКШнын президенти Дональд Трамп, мамлекеттик катчы Марко Рубио колдогон.
"Эгемен Армениянын тарыхындагы биринчи ушунчалык геосаясатташкан шайлоо өткөнү жатат. Айтайын дегеним, бардык ички оюнчулардын геосаясий жана тышкы саясий артыкчылыктары бар, сырткы оюнчулардын да бул жарышта өз кызыкчылыктары бар. Ички саясатты алсак, башкаруудагы партия тышкы саясат, коопсуздук жана экономика чөйрөлөрүн диверсификациялоо саясатын жүргүзүүдө. Анын башкы идеясы Орусиядан бир тараптуу көз карандылыкты азайтуу жана жаңы өнөктөштөр менен байланыш түзүү. Айрым тармактарда бул саясат ийгиликтерге алып келди, башкаларда сезилерлик алга жылуу байкала элек", - деген ою менен бөлүштү Еревандагы "Демократия жана коопсуздук" аналитикалык борборунун директору Тигран Григорян.
Армениянын премьери Никол Пашинян жана орус президенти Владимир Путин. Москва, 1-апрель 2026-жыл
Бир нече күн мурун "Досье" басылмасынын журналисттери Кремль өнөктүккө аралашууну көздөйт деген документтер табылганын жазды. Материалдарда айтылгандай, орус политологдордун тобу армениялык бир катар саясатчылардын шайлоо кампаниясына тартылган.
"Алар Пашиняндын позицияларын алсыратууну максат кылат", - деп айтылган документтерде.
Ага чейин The Insider басылмасы Арменияда орусиялык агентура иш алып барышы мүмкүн деген иликтөөсүн чыгарган.
Апрелдин башында Кремлде болгон кездешүүдө орус президенти Владимир Путин орус паспорту бар саясатчылар да шайлоого катышууга тийиш деп айткан.
Пашинян орус паспорту бар адамдар Армениянын Конституциясына жараша парламентке же премьерликке талапкерлигин кое албайт деп жооп кайтарган.
"Кайсы бир орусиячыл күчтөр Орусияда жашаган армян жарандарын мобилизация кылышы, шайлоо туризми болушу мүмкүн. Иш жүзүндө ушунча кишинин Арменияга агылышын элестетүү кыйын", - деп белгилейт армян өкмөт башчысынын мурдагы кеңешчиси, саясат талдоочу Арсен Харатьян.
Орус Тышкы иштер министрлиги жогоруда айтылган материалдарды фейк деп атаган. 4-июнда мекеменин расмий өкүлү Мария Захарова Орусия Армениядагы шайлоого аралашканын четке кагып, эки өлкөнүн конструктивдүү диалогун жана кызматташтыгын белгиледи. Ошол эле маалда Еревандын стратегиялык планы суроо жаратары табигый көрүнүш деп кошумчалады.
Еревандык саясат талдоочу Рубен Меграбяндын айтымында, Орусия Арменияны, дегеле бардык постсоветтик өлкөлөрдү колунан убактылуу чыгарган аймактар катары эсептейт:
"Алдыдагы шайлоону ошол жоготууну кайтаруу мүмкүнчүлүгү катары карап жатышат. Армения буга жана окуялардын ыктымал өнүгүүсүнө макул эмес. Орусия өз планын ашыруу үчүн гибриддик согушта ушундай маалыматтык зомбулукту пайдаланууну чечти. Москванын расмий билдирүүлөрү ошол согуштун бир элементи, кысым көрсөтүүчү саясий-дипломатиялык инструментке айланган. Мындан башка Москва эбегейсиз көлөмдөгү уулуу, зыян шишиктей тараган жалган маалыматты жайылтууда. Орусия ошондой эле Армениянын ичинде өзүнүн агентурасын активдештирди. Ички талаш-тартышта Москванын изи байкалат. Муну менен катар экономикалык инструментти да колдонууда. Орусия колуна эмне тийсе, ошону пайдаланат".
Еврошаркет менен жакындашуу аракети
Өткөн айда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Арменияга барганда тараптар стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол койгон. Февралда америкалык вице-президент Жей Ди Вэнс аймакты кыдырганда Ереванда болгон.
Ал эми майдын башында Армения-Евробиримдик саммити өттү. Ошол эле маалда премьер Никол Пашинян баш болгон өлкөнүн жетекчилиги Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жолугушууларына катышпай жүрөт. Ереван ЖККУну кошуна Азербайжан менен жаңжал учурунда жетиштүү колдоо көргөзгөн эмес деп айыптап келатат. Пашинян зарыл учурда жардам бербеген уюмдун жыйындарына катышууну кантип түшүндүрөм деп айткан.
Армян премьер-министри Никол Пашинян (солдо), Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Еврокеңештин жетекчиси Антониу Кошта. Ереван, 5-май 2026-жыл
Орус газынан көз каранды болгон Армениянын барган сайын Еврошаркет менен жакындашып, евроинтеграция жолуна түшкөнү Кремлге жакпайт. Москва өлкө бир эле мезгилде эки экономикалык уюмга мүчө боло албайт, Ереван Евробиримдиктин антиорусиячыл орбитасына түшүп баратат деп эскертүүдө.
Өткөн аптада ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Астанадагы саммитте Арменияны мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө Евробиримдикке кошулуу же биримдиктин (ЕАЭБ) курамында калуу маселеси боюнча жалпы элдик референдум өткөрүүгө чакырган.
Пашинян андай тандоо боюнча референдум өткөрүү чакырыгын четке какты.
Ал референдум өткөрүү маселесин Армения Европа Биримдигине расмий түрдө мүчөлүккө арыз бергенде же талапкер макамын алууга жакындаганда гана кароо керектигин белгиледи. Ага чейин өлкө Евразия экономикалык биримдигинде ишмердигин уланта берерин айтты.
Майдын башында Ереванда Армения менен Еврошаркеттин биринчи саммитинде тараптар энергетика, транспорт, санарип жана коопсуздук тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү ниетин билдирген.
Өткөн жылдын жазында өлкөнүн парламенти биримдикке кирүү жараянын баштоо мыйзамын кабыл алган.
Орусиянын соода чектөөлөрү
1-июнда Орусиянын тиешелүү органы - "Россельхознадзор" Армениядан балык импортун чектеди. Мекеменин маалыматы боюнча, Ереванга 2-июндан тарта Орусияга экспорттолуучу тирүү балыкты жана балык продукциясын сертификациядан өткөрбөй туруу эскертилди. Орус тарап армениялык ишканалардагы текшерүүдөн кийин ушундай чечим кабыл алганын кошумчалады.
Андан тышкары "Россельхознадзор" Орусияга Кавказдагы ал өлкөдөн гилас, алча, өрүк, кара өрүк, шабдаалы, жүзүм ташууга тыюу салды.
Мындан тышкары Евразия экономикалык биримдигине жөнөтүлгөн ошол жер-жемиштин транзитин чектөө тапшырмасы берилди. Мындай абал продукциянын коопсуздугун камсыздоо алгоритми иштелип чыккыча сакталары маалымдалды.
Мекеме бул чараны армениялык мөмө-жемишти ташууда эреже бузуулар көбөйгөнү менен түшүндүрдү.
Ереван шайлоо алдында
Эки жумадай мурун Орусияда Армениядан алынып келген бир катар товарларга тыюу салынган. Адегенде гүл, бадыраң, помидор, калемпир өңдүү жер-жемишке, анын аркасынан "Роспотребнадзор" армениялык үч ири алкоголь өндүрүүчү ишкананын продукциясын сатууну убактылуу токтоттту жана “Жермук” минералдык суусуна чектөө киргизилди.
Мекеме түшүндүргөндөй, мындай чара өлкөнүн “фитосанитардык абалын жана экспорттук дараметин коргоо үчүн” көрүлүүдө.
The Insider басылмасынын маалыматы боюнча, өткөн жылы Армения Орусияга 40 миллион еврого жемиш жана 50 миллион евролук жашылча экспорттогон.
27-майда Орусиянын Энергетика министрлиги эгерде Армения Еврошаркетке кошулуу жараянын улантса, орус тарап жаратылыш газы, мунай продукциясы менен камсыздоо чөйрөсүндөгү кызматташтык тууралуу келишимди убактылуу токтотот же денонсация кылат деген маалымат бергени белгилүү болгон.
Анын алдында Кремл Армения Орусия менен интеграция жолунан бурса, газдын Ереван үчүн абдан ыңгайлуу баасынан кол жууп каларын кыйыткан.
2-июнда Пашинян өлкө "Россельхознадзор" тыюу салган продукциясын башка рынокторго сатарын, кардар табуу маселе жаратпай турганын билдирди. Премьер Евробиримдикке кирген өлкөлөр менен да бул жаатта сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи.
Ереван акыркы кезде рыногун диверсификациялоо аракетин көргөнү менен Москва ири соода өнөктөшү бойдон калууда. Экспорттун жалпы көлөмүнүн 30 пайызы Орусияга туура келет. Анда айыл чарба продукциясы ири орунду ээлейт.
Эң негизгиси Армения энергиянын 78 пайызга жакынын, негизинен жаратылыш газын Орусиядан алат.
Апрелде орус президенти Владимир Путин Пашинян менен жолугушканда Ереван көгүлтүр газдын бир миң куб метрин 177 жарым долларга алганын, Европада анын баасы 600 доллардан ашарын айткан.
Талдоочулар белгилегендей, Москва мамилеси начарлаган өлкөлөрдүн продукциясына маал-маалы менен тыюу салып келет. Муну кайсы бир жылдары Грузия, Украинада көргөнбүз.
Ички араздашуулар
Жекшемби күнү армениялыктар 2023-жылкы согуштан кийин алгачкы жолу добуш берүүгө катышмакчы. Ал урушта кошуна Азербайжан Тоолуу Карабак аймагын кайра кайтарып алганда этникалык 100 миңдей армян ал жактан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.
"Биринчиден, мен башкаруудагы партияны колдойм. Себеби премьер 8 жылдан бери бийликте турат. Биз сөз эркиндиги жана эркин шайлоо жаатындагы жылыштарды көрүп жатабыз. Ага чейинки шайлоолор кээде бурмаланганына күбө болгонбуз. Андан тышкары экономика өсүүдө, дүйнөлүк сахнада таанылып жатабыз, калган өлкөлөр менен ар тараптуу алака-катыш түзгөнбүз", - деп айтат Пашиняндын колдоочусу Анна Эгоян.
Оппозициядагы "Күчтүү Армения" блогунун шайлоо алдындагы акциясы. Ереван, 3-июнь 2026-жыл
Өкмөт башчы тынчтык орнотуудагы прогрессти белгилеп, 1993-жылдан бери жабык турган Түркия менен чек араны ачуу аракети да көрүлүүдө. Сынчылар премьер Баку менен мамиледе өтө чоң чегинүүгө барганын айтышат.
Пашинян парламенттеги орундардын үчтөн эки бөлүгүн ала албаса Азербайжанга убада кылган конституциялык өзгөртүүлөр боюнча референдум өткөрүү кыйын болуп калмкчы. Муну менен тынчтык жараяны да токтоп калышы ыктымал.
"Өкмөт “бизге добуш бербесеңер согуш болот” деп айтканда, андай сөздөр бизге оор тиет. Үрөй учурат. Биз ансыз да канчалаган согушту башыбыздан кечирдик", - деген оюн ортого салды карабактык качкын Аделина Аватесян.
3-июнда Армениянын соту оппозициялык "Күчтүү Армения" партиясынын мүчөсү Алик Алексанянды эки айга камады. Ага "добуш сатып алуу жана арам акчаны адалдоо" деген айып тагылды. Саясатчы сөз болгон партиянын лидери, Москва менен тыгыз байланыштарды жактаган орусиялык-армениялык миллиардер Самвел Карапетяндын тарапташы.
Дал ушул Карапетянды, Рейтер агенттиги Батыштагы үч аткаминерге шилтеме менен жазгандай, Москва өзүнө ыңгайлуу болочок премьер деп эсептейт. Саясатчы бийликти узурпациялоо чакырыктары үчүн үй камагына алынган.
Жергиликтүү оппозиция жана айрым укук коргоочу уюмдар Карапетяндын камалышын, Ереван өкмөтүн авторитардык ыкма үчүн сындашууда.