УКМК эл аралык террордук уюмдардын 31 мүчөсү кармалганын билдирди

Кармалган шектүүлөр. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош жана Баткен облустарында эл аралык террордук уюмдардын 31 мүчөсү кармалганын, анын ичинен Оштон 11, Баткенден 20 адам колго түшүрүлгөнүн билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 9-июнга караган түнү УКМК кеңири масштабдагы антитеррордук атайын операция жүргүзүп, “Катиба аль-Таухид валь-Жихад” жана “Ислам мамлекети” эл аралык террордук уюмдардын мүчөлөрүн кармады. Алар укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана диний ишмерлерге каршы террордук актыларды уюштурууну пландап жатышканы аныкталган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ), Чек ара кызматынын, Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ), Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлери кирген ыкчам штаб түзүлгөн.

Тинтүү иштеринин жүрүшүндө кармалгандардан диний-экстремисттик адабияттар, экстремисттик материалдар камтылган электрондук маалымат сактагычтар, каттоодон өтпөгөн төрт курал, террордук уюмдардын символикасы, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү террордук жашыруун түзүмдөрдү каржылоого багытталган каражат алынган.

УКМК атайын операция мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлгөнүн, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы иштин бардык жагдайларын жана мүмкүн болгон кошумча фактыларды аныктоо максатында тергөө иштерин улантып жатканын кошумчалады.

Ушул тапта Кыргызстанда соттун чечими менен террорчул жана экстремисттик уюм катары ишине тыюу салынган диний бирикмелер: “Ал-Каида”, “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы”, “Күрт элдик конгресси” (Конгра-Эл), “Чыгыш Түркстанды бошотуу уюму”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами” (Ислам боштондук партиясы), “Жихад тобу” (Ислам жихадынын бирикмеси), “Түркстан Ислам партиясы” (Өзбекстан Ислам кыймылы), “Мун чиркөөсү”, “Жайшүл-Махди” (Махдинин аскери), “Жунд-Ал халифат”, “Ансаруллох” (Алланын жардамчылары), “Ат-Такфирвал-хижра”, “Акромия”, “Саид Бурятскийдин (А. Тихомировдун) пропагандалык-үгүттөө материалдары жана ишмердүүлүгү”, “Ишим – Ирак, Шам Ислам мамлекети” (ИГИЛ), “Жабхат Ан-Нусра” (Жеңиш фронту), “Катибат Ал-Имам Ал-Бухари” (Имам бухарий батальону), “Жаннат Ошиклари” (Бейишке умтулгандар), “Жамаат Ат-Таухид валь-жихад”, “Йакын инкар”. (BTo)

Дагы караңыз

Ирандын футбол федерациясы дүйнө чемпионатына билет квотасы жокко чыгарылганын билдирди“Талибан” мамлекеттик кызматкерлердин смартфон колдонушуна тыюу салды Трамп Нетаньяхуга Иран менен согушса колдоо көрсөтпөй турганын эскерттиЫрайым кылуу комиссиясынын жооптуу катчысы алмашканы белгилүү болдуЖаныбек Кубандыковдун адвокаты Давран Касымов эки айга камалдыКызыл китепке кирген жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн тизмеси жаңыртылатӨкмөт гимнге сынак жарыялабай эле тапшырык берүүнү чечти Абактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун уулу бийликке кайрылуу жасадыПрезидент мас айдоочуларга жазаны күчөткөн мыйзамга кол койду