"Манас" университетин кесип өтчү жолду ачуу иштери башталды

Бишкек мэриясы “Манас” университетин кесип өтчү жолду ачып баштады. 11-июнь, 2026-жыл.

11-июнда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аймагын аралап өткөн автожолду ачуу иштери башталды. Буга байланыштуу окуу жайдын айланасындагы тосмолор алынып жатат жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевди жолду ачуу ишин саясатташтырбоо керектигин айтты.

“2016-жылы ушул университеттин тапшырмасы менен Миңжылкиев жана Анарбек Бакаев көчөсүн көрсөтүшкөн. Тиешелүү документтер даярдалып, чечимдер кабыл алынган. Демек, бул жол башында эле бар эле. 2026-жылы Бишкектин башкы планы иштелип жатканда университет жолго байланыштуу сунуш берген эмес”, - деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планынын долбоорун бекитип, мэрия жаңы картаны 11-майда жарыялаган. Бул документте Миңжылкиев көчөсү “Манас” университетинин аймагын кесип өтүп, Манас проспектисине кошулары көрсөтүлгөн. Мындан тышкары Анарбек Бакаев көчөсү да окуу жайдын аймагына кирип, Тыналиевге кошулат.

Айбек Жунушалиевдин маалыматында Жал кичи районунда 38 миңден ашык адам жашайт. Ал 2022-жылы эле бул райондо 17 миң киши жашаганын, тургундар көбөйгөндүктөн жаңы жолдорду салуу муктаждыгы келип чыкканын билдирди. Мэр бул жол менен борбордогу тыгын маселеси чечилип кетпестигин, бирок аны азайтууга жардам берерин кошумчалаган.

Мэрия андан тышкары Анарбек Бакаев көчөсүн Түштүк магистралга кошууну пландап жатат.

Буга каршы болгон Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин стунденттери, шаардын айрым тургундары кол топтоп баштаган. (BTo)

Дагы караңыз

Эмилбек Узакбаевдин камакта жаткан кызы ачкачылык жарыяладыБишкекте катуу шамалда дарак кулаганда 23 жаштагы кыз жабыркады “75чилердин иши”: Узакбаевдин кан басымы көтөрүлүп “Тез жардам” чакыртылдыБалдардын майыптыгын аныктоо ишиндеги көйгөй парламентте көтөрүлдүФранция сүрөтчү Петр Павленскийди качкын макамынан ажыратууну көздөп жататӨкмөт Майлуу-Суу лампа заводуна 1 млрд 159 млн сом бөлдүПутин өлкөдөн чыгып кеткен орусиялыктардын мүлкүн камакка алууга уруксат берди2027-жылдан тартып башталгыч класстын окуучуларынын тамагына 40 сомдон бөлүнүп баштайт