12-июндун аба ырайы: Ысык-Көлдө жаан катуу жаайт

Ысык-Көл.

12-июнда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 30…35

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 31…33° болот.

Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 21…23° жылуу болот.

Дагы караңыз

“75чилердин каты” боюнча сотко экс-премьер-министр Кубатбек Боронов келдиКызыл-Кыя: окуучунун өлүмү боюнча дагы эки өспүрүм, эки милиция кызматкери кармалдыОрусиянын Краснодар шаарында дрон көп кабаттуу үйгө тийдиРим папасы Саграда Фамилия чиркөөсүнүн жаңы мунарасынын ачылышына катышты Орусияда медициналык кароодон өтпөгөн мигрантка салынуучу айып пул 12 эсе көбөйдүАйрым депутаттар гимнди өзгөртүү ишин токтотуу демилгесин көтөрүштүКыргызстандагы жаңы банктар: Артында кимдер турат жана кандай иш жүргүзөт?