Ысык-Көлдөгү кайык жарыш: Министрдин убадасы, экологдордун эскертүүсү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ысык-Көлдө кайык жарышы өтмөй болду

31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө жогорку ылдамдыкта сүзгөн кайыктардын дүйнөлүк чемпионаты өткөнү жатат. Туризм департаменти бул иш-чара өлкөнүн эл аралык туристтик жана инвестициялык дараметин жогорулатарын айтууда.

Кайыктар жарышы Ысык-Көлгө зыянбы же туризмди өнүктүрөбү?

Ысык-Көлдө өтүүчү суу кайыктарынын чемпионатынын алкагында мамлекеттик экологиялык экспертиза оң жыйынтык бергени маалым болду.

Уюштуруучулар мелдешке чейин жана кийин төрт этап менен экологиялык мониторинг жүргүзүлөрүнө убада беришүүдө. Буга чейин экологдор моторлуу кайыктардын жарышы Ысык-Көлдүн экосистемасына зыян келтире турганын айтып, коомчулукта талаш-талкуу жаралган.

Дагы караңыз

ИИМ "Формула-1" жана чет элдиктер боюнча пикир билдирүүдө этият болууну эскертти


Ысык-Көлдө өтүүчү суу кайыктарынын чемпионатын уюштуруу алкагында жүргүзүлгөн мамлекеттик экологиялык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Уюштуруучулар экспертизанын биринчи этабы боюнча оң корутунду берилгенин билдиришти. Жогорку ылдамдыктагы кайыктардын дүйнөлүк чемпионаты 31-июлдан 2-августка чейин өтөт.

Мамлекеттик экологиялык экспертиза башкармалыгынын башчысы Меер Кулумбаев мониторинг боюнча төмөндөгүдөй маалымат берди.

“Бүгүнкү күнү экологиялык мониторингдин төрт этабын белгилеп алдык. 10-июнда биринчи этабы бекитилди, бул оюнга чейинки байкоо. Экинчи этап убактылуу курулуштар салынып жатканда болот. Үчүнчү этап машыгуу учурларында өткөрүлөт. Ал эми оюн бүткөн соң 4-этап менен мониторинг жүргүзүлөт. Азыркы учурга карата экологиялык мониторингдин 1-этабынын жыйынтыгында, бардык химиялык көрсөткүчтөрдүн топтому белгиленген өлчөмдөн ашык эмес деп бааланды”.

Чемпионатта төрт такттуу кыймылдаткычы бар, саатына 250 чакырым ылдамдыкта жүргөн кайыктар шакекчелерди айланып жарышка түшөт.

Мамлекеттик экологиялык экспертиза башкармалыгы суунун сапатына жана жээктин абалына оюнга чейин, анын жүрүшүндө жана соңунда көзөмөл жүргүзүлөрүн айтууда. Кандайдыр бир зыян аныкталса, уюштуруучулар калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө милдеттүү.

Буга чейин айрым экологдор суу үстүндөгү мындай мелдештер Ысык-Көлдүн экосистемасын жабыркатат деп коңгуроо кагып, коомчулукта чемпинаттын айланасында талаш-талкуу жаралган.

“Көлгө май төгүлөт деген кооптонуу бар”

Эколог Самат Кушбек электр энергиясы менен иштеген кайыктардын жарышы алда канча зыянсыз болмок деген пикирде.

“Моторлуу кайыкта 50-100 литр май болот. Кайык кагышып, кырсыктаса, Ысык-Көлдүн үстүнө ошол май төгүлөт деген кооптонуу бар. Андан сырткары, акыркы моделдеги кайыктардын үнү 160 децибелди түзөт. Суунун түбүндө 180-190го чейин жетип, бул балыктарга түздөн-түз зыян тийгизет. Анткени эндемикалык балыктарда июнь айынын ортосуна чейин урук чачуу жараяны жүрөт. Кичинекей балыктардын ылдамдыгы өтө жай болот. Ошондой эле, Экология министрлиги 12-июнда мага расмий жооп берди. Алар 10-июнда экологиялык экспертиза жүргүзүү боюнча кат түштү деп жатышат. Чемпионат тууралуу жарыя кылганга чейин, 2026-жылдын 19-апрелине чейин экспертиза жасоо керек болчу. Анын жыйынтыгын мелдеш өтө турган жерлерге маалымат катары илип чыгуу керек эле. Анда экспертизанын жыйынтыгы чыга электе бийлик өкүлдөрү эмнеге таянып, бул мелдеш зыянсыз деп жатканы кызык”, - дейт эколог.

Дагы караңыз

"Жардам бербей эле түздөп, талкалап жатабыз". Ысык-Көл экосистемасы, адистин пикири



Уюштуруучулар жарыш катерлерине суу ичинде күйүүчү май куюуга тыюу салынып, бул иштер кургакта гана аткарыларын, мелдеште коргошун кошулбаган күйүүчү май гана иштетилерин айтып жатышат. Пайдаланылган майды жана техникалык суюктуктарды чогултуу, сактоо жана зыянсыздандыруу боюнча атайын системалар каралганы да маалымдалды.

“Эл аралык суу-мотор спорту союзунун техникаларды катуу көзөмөлдөгөн стандарты бар. Алар атайын килемдерди алып келет. Аны жээкке салышат, кайыктар жээктеги килемдерге чыгып май куят. Авиа рейстер, машинелердин кыймылы, мейманканалар, электр жарыгы - мунун баары карбон калдыктары. Мунун баарын эл аралык эксперттик топ карап, эсептеп чыгат. Анын баарынын ордун толтуруп, экологияга салым кошуу үчүн бак-дарак отургузабыз”, - деди Кыргызстандын суу-мотор спорту федерациясынын операциялык директору Медербек Ырсалиев.

Билет баасы 100 доллар

Ысык-Көлдүн Бает айылынын айланасында өткөрүлүүчү жарышка 13 мамлекеттен сегиз эл аралык тайпа жана 18 пилот катышат.

Мелдешке жалпы 10 миң киши келери күтүлүп, билет баасы бир күнгө 100 доллардан сатылып жатканы айтылды. Ошондой эле, аны өткөрүүгө 5 млн доллар сарпталары белгилүү болду. Аталган мелдеш Эл аралык суу-мотор спорту (UIM) федерациясынын колдоосу астында ишке ашууда.

Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов билдиргендей, аталган каражат мамлекеттин эмес, федерация жана спорт коомчулугунун эсебинен каралат.

Эдуард Кубатов

“Бул спорттук иш-чарага 5 млн доллар бөлүнүүдө. Муну мамлекет эмес, биздин Суу-мотор спорту федерациябыз жана спорт коомчулугу бөлүп жатат. Ал эми өкмөттүн каражаты инфраструктурага багытталат. Жолго, электр энергиясы, жергиликтүү элдин пляжына, парк жана автотоктотмого өкмөт салым кошуп жатат”.

Бул иш-чара боюнча социалдык тармактарда кызуу талкуу жүрүп, экологиялык кооптонуулардан улам суу кайыктарынын чемпионатын өткөрүүгө каршы кол топтоо жараяны да башталган. Ушул тапта ага үч миңден ашык киши кол койгону белгилүү болду.

Коомчулуктун талкуусуна түшкөн бул маселе парламентте да көтөрүлүп, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев бардык экологиялык талаптар сакталарын билдирген. Кызуу талкуулардан кийин Ички иштер министрлиги бул эл аралык иш-чара тууралуу терс маалымат таратууну “популисттик кадам” деп мүнөздөп, тескери маалымат жайылткандарга чара көрүлөрүн эскерткен. Министрликтин мындай позициясы коомчулуктун сынына кабылган.

"Айлана-чөйрөнү кынтыксыз коргойбуз"

Социалдык тармактарда “Формула-1” деп аталган жарышты өткөрүүгө каршы чыгып, экологиялык кесепеттери болушу мүмкүн деп эскерткендер болууда. “Азаттык” эл аралык мелдешти уюштуруп жаткан H2O Racing уюму менен байланышып, суроолорго жооп берүүнү өтүндү. Биздин маектешибиз уюмдун Жаңы рынокторду өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Паоло ди Жермано.

- Ди Жермано мырза, оболу биздин суроолорубузга жооп берүүгө макул болгонуңуз үчүн рахмат. Бул жарышты Кыргызстанда өткөрүү идеясы кайдан келип чыкты жана кантип тандалды?

Паоло ди Жермано

- Биз дүйнө чемпионатынын этаптары өткөрүлө турган тигил же бул өлкөнү тандаганда адатта эки-үч вариант сунушталат. Биринчиси - Лондон, Шанхай өңдүү ири бизнес хабдары, адатта спорттун бул түрүнүн маданияты калыптанган жерлер. Жарыштар инвестицияларды тартуу жана инвесторлордун жолугушуулары үчүн ыңгайлуу. Экинчиси - туристтик дымагы жогору, кооз жана уникалдуу жерлер. Алар мындай иш-чараларды өздөрүн таанытуу, зыяратчыларды тартуу, суунун жээгин жана аймагын дүйнөлүк сахнада популярдаштырууну чечкен өлкөлөр.

Мисал катары быйыл Сардиния аймагында биз өткөргөн алгачкы мелдешти атайт элем. Сардиниянын жээги, Индонезиянын Тоба көлүндөй эле керемет жер. Жакартанын өкмөтү Тоба көлүнүн администрациясы менен катар аны дүйнө жүзүндө популярдаштырууну чечкен. Көбүрөөк адам кооз көл тууралуу билсе, балким болочокто ал жерлерди барып көргөндөр дагы көбөйөт.

Кыргызстан жана Ысык-Көл үчүн да бул абдан маанилүү жана актуалдуу. Спорттук иш-чарабыздын арты менен туристтерди тартып, көбүрөөк элге таанытса болот.

- Демек, жарыштар өтө турган жерлерди өзүңөр тандайсыңар?

- Чечим жергиликтүү уюштуруучулар менен бирге кабыл алынат. Адатта бир нече талапкер болот. Кайсы бир өлкө дүйнө чемпионатын өткөрүүнү чечкенде параметрлери талаптарга жооп береби деп анализ жүргүзүлөт. Ошол сунушталган өлкө менен чогуу өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн карайбыз. Бул жерде Араб өлкөлөрү, 1990-жылдардын башынан бери кызматташып келаткан Абу-Даби ойго келет. Ошол маалдагы Абу-Даби Дубайдан айырмаланып таптакыр башкача болчу. Көп жыл мурда ал өлкө спорт туризмине басым жасоону чечкен. Азыркы дүйнөлүк туризм жана глобалдык ордун эске алганда, абдан ийгиликтүү тандоо болгон.

- Ошол сиз айткан критерий, параметрлерге токтолосузбу? Мисалы мелдеш өткөрүү үчүн көл, дарыя канчалык чакан же тескерисинче чоң болууга тийиш?

- Эң негизги критерий - суу. Адатта жарыштар дарыя, көл же порттордо уюштурулат. Формула 1дин этаптары үчүн буркан-шаркан түшкөн эмес, тынч мелмилдеген суу керек. Кайыктар өтө ылдам жүрүүгө ылайыктуу, бирок ачык деңизди каалашпайт, ошол эле маалда көрүүчүлөргө, жээкке жакын, толкун ачык деңиздегидей анча күчтүү эмес жерге артыкчылык берилет.

- Кайсы өлкөлөрдө жарыш өткөрөсүңөр? Географиясы канчалык кеңири?

Ооба, акыркы 35 жылда чемпионатты 41 өлкөдө өткөргөнбүз, айтайын дегеним тарыхыбыз бай, географиябыз кеңири. Кыргызстан 42-өлкө болуп каларына биз абдан кубанып турабыз. Чын жүрөктөн сүйүнүп турабыз жана аймакта өнүгүп-өсөбүз, биздин спорт жайылат, алга жылат, муну менен бирге мелдештерге катышууну чечкен жерлердин популярдуулугу артат деп үмүттөнөбүз.

- Жарыштарга кимдер катышат? Сиз Дубайды айта кеттиңиз. Кыргызстанда бул байлардын мелдеши, спорту деген ой айтылып жүрөт.

- Катышуучулар абдан көп. Бизде 13 өлкөдөн келген 18 пилот бар. Мындан тышкары 26 өлкөдөн чыккан жардамчы иш-чараны тейлөө үчүн коштоп барат. Кыскасы, бул абдан глобалдуу спорт. Байлардын спортубу? Кайыктар жарышы өнүгүп келаткан жана бакубат мамлекеттерде бирдей популярдуу спорт. Жок, мен жалаң байлардын спорту деп айта албайм. Бул – шамал менен жарышкан ылдамдыктын, моторлордун, технология ышкыбоздорунун, өз кыял-максаттарын жарыштарга арнаган күйөрмандардын спорту деп айтат элем. Абдан керемет экстремалдуу спорт.

- Башында айтылгандай, чемпионат Кыргызстанда талаш-тартыш жаратууда. Айлана-чөйрөгө зыян келтирет деген тынчсыздануулар айтылууда. Себеби, Ысык-Көл ЮНЕСКО тарабынан корголгон. Эң негизгиси кыргыздар үчүн ал абдан ыйык жер. Мисалы атам көл менен учурашып, касиетине сыйынчу. Айтор, биз үчүн бул абдан ыйык жер. Ошон үчүн жарышты Ысык-Көлдө уюштурууну сындагандар аз эмес. Сиз зыяндуу заттар абага бөлүнүп чыгат, моторлордун күрүлдөгөнү “балыктарды үркүтөт” деген сынга кандай жооп кайтарат элеңиз?

- Биздин иш-чаралар өткөрүлгөн жерлерди коргоого артыкчылык берилери айтпаса да түшүнүктүү. Уюмубуз айлана-чөйрөнү коргоону кынтыксыз камсыздоо үстүнөн жылдар бою иштеп келатат. Ысык-Көл ыйык жер, ЮНЕСКОнун коргоосундагы жай экенин айтпадыкпы. Биз дүйнөлүк мурастар уюму кам көргөн жерлерде биринчи жолу мелдеш өткөрүп жаткан жокпуз. Мен буга чейин мисал келтирген Тоба көлүн да ЮНЕСКО коргоого алган. Биз жергиликтүү тургундар арасында көлдү урматтоо, жээгин жана түбүн тазалоо керектигин түшүндүрүп, агартуу иштерин жүргүзгөнбүз. Биздин негизги максатыбыз – элге айлана-чөйрөнү коргоо, таза сактоо багытында маалымат берүү. Муну менен катар өзүбүз да бул жаатта биртоп милдеттенме алабыз.

Дагы караңыз

Кызыл китепке кирген жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн тизмеси жаңыртылат

Моторлуу кайыктардын эл аралык биримдиги жана дүйнөлүк федерация Бириккен Улуттар Уюмунун айлана-чөйрөнү коргоо программасы – ЮНЕП менен кол койгон келишимде жарыштардын стандарттары жана максаты аныкталган. Спортту экологиялык жактан таза кылуу, жаратылышты булгабоо үчүн алар бардык уюштуруучулар, анын ичинде биз менен биргелешип иштелип чыгат. Бул эмнени билдирет? Логистиканы уюштуруу, мисалы кайыктарды ташып келүү үчүн бензин колдонгондо абага көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын азайтуу, айлана- чөйрөгө, сууга аяр мамиле кылуу маданиятын калыптандыруу демилгелери бар. Мисалы бак отургузуу иш-чарасы ошондой демилгелердин бири гана. Иш жүзүндө биз мелдештерди чогуу уюштурган тарапка, жергиликтүү коомчулукка биргелешип, айлана-чөйрөнү урматтоого тийишпиз дегенди так туюнткубуз келет.

Ооба, мен сын-пикирлерди окудум, биз дагы гезиттерге, маалымат каражаттарына байкоо салып турабыз. Ошол айтылып жаткан сандар аша чаап көрсөтүлгөн. Ошон үчүн так изилдөө жүргүзүп, эмиссиянын көлөмүн эсептеп, аны азайтуу же алдын алуу ыкмаларын аныктап чыгыш керек. Мен кайыктарды ташып келүү, тамак даярдоо үчүн күйүүчү май колдонгондо абага көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын айтып атам.

Муну ыктымал зыяндын ордун толтуруу өнөктүк аркылуу жасаса болот. Бирок реалдуу натыйжага жетүү үчүн коомчулукка, алар кайда жашабасын, качан болбосун айлана-чөйрөнү коргоо зарылдыгын түшүндүрүү зарыл. Биз мындай аракетти түрдүү демилгелердин алкагында көп жылдардан бери көрүп келатабыз.

- Тынчысыздануу жараткан маселелердин бири күйүүчү май. Катерлерге эмне май куюшат? Анын сууну кирдетүү коркунучу барбы?

- Биз бул жаатта албан ийгиликтерге жетиштик. Мындан көп жыл мурда колдонгон суюк отунду бүт дүйнөдө пайдаланышчу. Мурда биз авиациялык керосин - Avgas менен иштечүбүз. Аларды жеңил учактар колдонот. Бир нече жыл мурда керосинди пайдаланбоо максатында кыймылдаткычтардын технологияларын өзгөртүүнү чечкенбиз. Эми коргошунсуз бензинге өттүк. Бул – азыркы туштагы экологиялык жактан эң таза күйүүчү май. 98 галлон бензин европалык өлкөлөрдүн баарында кездешет жана жогорку стандарттарга төп келет.

Бирок биз муну менен токтоп калбайбыз. Суюк отундун андан да жашыл түрүн изилдеп жатабыз, балким био күйүүчү май болушу мүмкүн. Бир нече убактыттан бери иштеп келаткан долбоорубуздун чоо-жайын азырынча купуя кармап турабыз. Балким болочокто суутек прототиптери менен да иштешибиз мүмкүн.

Дагы караңыз

Ысык-Көлдүн жээгине кум төккөн курулуш компанияларына айып пул салынды

Биз инновацияларга артыкчылык беребиз, ал биздин максатыбыз. Ошол саамалыктар көп учурда деңиз системасына таасир этет. Ошентип биздин спорттун улам бир жаңы технологиялары пайда болот, алар акыр-аягында бүтүндөй тармакка жардам берет. Машиналар болсо автоспортко, кайык, катерлер болсо, суу деңиз спортуна.

- Сиз БУУнун айлана-чөйрөнү коргоо уюму менен келишим тууралуу сөз кылбадыңызбы. Ысык-Көл жарыш учурунда эч кандай зыян тартпайт деген кепилдиктер берилеби?

- Моторлуу кайыктардын эл аралык биримдигинин жана дүйнөлүк федерациянын кылым карыткан тарыхында эрежелер менен коопсуздук чаралары, адамдарды коргоо, жарыш катышуучуларынын коопсуздугун жана айлана-чөйрөнү коргоо милдеттенмелери, протоколдору калыптанган. Мисалы протоколдордун биринде күйүүчү май толтуруп жатканда анын сууга кошулуп кетүү тобокелдиги жаралса, кандай чара көрүү зарыл экени каралган. Бензинди бактан агып калуусун алдын алган технология бар. Бактарга май жерде гана толтурулат. Ошондуктан атайын крандардын жардамы менен кайыкты суудан алып чыгышат. Андан кийин командалар жайгашкан чатырларга алынып келет, көзөмөлдөнгөн жерде гана май куйса болот. Иштелип чыккан май чогултулуп, жергиликтүү мыйзамдарга жараша жок кылынат.

Башкача айтканда, бул туруп-туруп эле бир күндө уюштурулган чемпионат эмес. Кеп жүз жылдык тарыхы бар спорт тууралуу жүрүүдө. Биздин уюм 50 жылдан бери спорттун бул түрүн сүрөөнгө алуу үстүндө жүрөт. Ошон үчүн биздин негизги максатыбыз жана милдетибиз анын дагы 50 жыл кынтыксыз иштешин камсыздоо. Эң бийик экологиялык стандарттар сакталбаса, айлана-чөйрөгө тийгизген залакасынын алдын албасак, 41 өлкөдө кантип жарыш уюштурат элек?

Дагы караңыз

"Мөңгүлөр 16% кыскарды, сел жана ташкын үч эсе көбөйдү"

Мисалы моторлордун күрүлдөгөнү жөнүндө сүйлөштүк. Ооба, кайыктардын кыймылдаткычтары катуу добуш чыгарат. Бирок ошол добуштун деңгээли белгиленген чектен ашпоого тийиш. Мен бир талаштуу булактардан 150 децибел тууралуу окуп калгам, бирок уруксат берилген босого 95-91 децибел деп аныкталган. 4 децибел ылдый же жогору болушу ыктымал. Бир катар критерийлер кабыл алынган, аларды техниктер, арбитрлер, көз карандысыз эксперттер жакшылап көзөмөлдөп, өлчөп турушат. Алсак, Лондондун борборунда, Темза дарыясында өткөргөн жарыштан кийин турак үйлөргө жакын жерде текшерүү жүргөн. Ызы-чуунун деңгээлин көзөмөлдөө үчүн бийлик биздин техниктерден тышкары көз карандысыз байкоочуну тартууну өтүнгөн. Бул – адилеттүү талап. Албетте, биз ал шартты кубаттап, критерийлердин бардыгы сакталган.

- Демек, Кыргызстандагы алгачкы чемпионат биздин өлкөдөгү акыркы мелдеш болбойт деп үмүттөнүп турат экенсиңер?

- Мындай чоң мелдештердин жергиликтүү коомго сиңип, интеграция болушу үчүн убакыт керек. Биз тажрыйбабыздан экинчи иш-чара биринчисинен жакшыраак, үчүнчүсү андан да мыкты уюштурулганын билебиз. Биргелешкен аракетибиз жок дегенде 20 жылга созулат деп ишенебиз. Баарыңарды күтөбүз, керемет окуя болоруна үмүттөнөбүз. Бул жарышты жакындан көрүп, аралашып, пилоттор менен баарлашып, жарнамаларга, экологиялык иш-чараларга катышып кеткиле. Кыргызстанда гана эмес, башка жерлердеги чемпионаттарга кош келиңиздер. Биз болсо сиздердин өлкөгө болчу сапарыбызды чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.