Сооронбай Жээнбеков Октябрь окуясында бийликтен кантип кеткенин айтты

Садыр Жапаров жана Сооронбай Жээнбеков. 2020-жыл 13-октябрь.

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы бийликтен кантип кеткени тууралуу биринчи жолу комментарий берди. Бул тууралуу ал “Кабар” улуттук маалымат агенттигинин бир гана суроосуна жооп берди.

“Кабардын” директору Медер Шерметалиев “Саясатчы Азимбек Бекназаров жергиликтүү медиалардын бирине берген маегинде “Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтан кетүү арызын Камчыбек Ташиев коркутуп жаздырып алган” дептир. Ушул боюнча сиздин комментарий?” деген суроо берип, ага мурдагы президент төмөнкүдөй жооп узаткан:

“Мени эч ким коркуткан эмес. Мен ал кездеги премьер-министр Садыр Жапаров менен он күн бою сүйлөшүп жатып, экөөбүздүн ошол сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президенттик кызматымды тапшыргам. Аны элдин баары билет. Азимбек Бекназаровбу же башкасы болобу “Жээнбековду Ташиев коркутуп арыз жаздырган” десе ал болгону ойдон токулган жомок, ошол кездеги кырдаалдан кабары жок адамдардын жалган пикири. Кандай максатта антип айтты мага түшүнүксүз”, - деген ал.

Саясатчы Азимбек Бекназаров жакында эле “Политклиника” порталына берген кенен маегинде 2020-жылдагы Октябрь окуясына байланыштуу да суроолорго жооп берген. Ал “Октябрь окуясын революция деп эсептебей турганын, себеби Сооронбай Жээнбековду президенттик кызматын тапшыруу арызын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ошол кездеги төрагасы жаздырып алганын” айткан.


2020-жылы 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин башталган нааразылыктар ири митингге айланып, соңу 16-октябрда бийлик алмашуу менен аяктаган.

6-октябрга караган түнү демонстранттар Ак үйгө кирип барган. Өкмөт имаратын ээлеп алган оппозициялык күчтөр элдик өкмөт түзүп, Жогорку Кеңештин төрагасын алмаштыруу жана жаңы премьер-министрди тандоо маселесин көтөрүшкөн.

Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда эртең менен коомдук-саясий чөйрөнүн өкүлдөрүн резиденцияга чогултуп, кырдаал турукташкандан кийин, парламенттик шайлоону өткөрүп, президенттик шайлоо жарыяланган соң гана кызматтан кетерин билдирген. Ал жыйынга Роза Отунбаева, Феликс Кулов, Марат Султанов, Азимбек Бекназаров, Абдыганы Эркебаев, Исмаил Исаков жана башкалар катышкан.

“Ала-Арча” резиденциясында сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда өкмөт үйүнүн алдындагы митингчилер резиденцияга жакын жердеги “Ысык-Көл” мейманканасынын алдына чогулушкан. Алар президенттин кызматтан кетүүсүн жана парламенттин тарашын талап кылып турушкан.

15-октябрдын кечинде мамлекет башчынын сайтында Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткени жарыяланган. 16-октябрда парламент жыйынга чогулуп Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүү арызын кабыл алган. Мыйзам боюнча өлкө башчысынын милдети жүктөлчү Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Канатбек Исаев андан баш тартып, президенттин милдетин аткаруу өкмөт башчы Садыр Жапаровго берилген. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте мамлекеттик мекемелерге бомба коюлганы тууралуу маалымат текшерилүүдөДепутат Мавлянова кен казуу ордуна геопарктарды түзүүнү сунуштадыОштогу ооруканаларда таза суу жоктугуна нааразылыктар айтылууда“75чилердин иши”: Каптагаев катка эмне себептен кол койгонун айттыЭкс-премьер-министр Абылгазиев “75чилердин катына” кол койгонун айттыОкуучулары ууланган медресе айыпка жыгылып, убактылуу жабылдыКрым жана Кавказ портторуна сокку урулдуАкаев президенттин мөөнөтүнө байланыштуу сөзүнө түшүндүрмө берди “75чилердин каты” боюнча иш сотто кайра жабык каралмай болду