Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эркин Жолдошалиев президент Садыр Жапаровго, Башкы прокуратурага жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жазган арызы каралбай жатканын айтты. Бул тууралуу ал 22-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Ал УКМКнын Жалал-Абаддагы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Каныбек Досмамбетовго каршы ушул жылдын 6-февралында эле арыз бергенин кошумчалады.
“Каныбек Досмамбетовдун кызматкерлери ата-энемди суракка чакырып, “мүлктөрүңдү Маматовдорго өткөрүп бер” деп кыйнап жатат деп кайрылгам. Мен арызды Камчыбек Ташиев кызматтан кете электе эле 6-февралда жазгам. Аскер прокуратурасы мени чакырбай туруп эле ишти жаап салганын билдим. Тергөөчүгө чалсам “жаап койдук” деди”.
Окуяга байланыштуу Башкы прокуратура менен Каныбек Досмамбетов комментарий бере элек.
Ушул жылдын февраль айында социалдык тармактарда Бакыт Төрөбаев менен Эркинбек Жолдошалиевдин телефон аркылуу сүйлөшкөн аудиосу жарыяланган. Жолдошалиев Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиевге мүлкүн тарттырып жибергенин айткан. Ал Таймурас Ташиев заводдун жерин гана сатып алганын, миллион доллар убада кылып, бирок бербей койгонун, заводду бузуп кетерин айтса да бербей койгонун белгилеген.
Таймурас Ташиев бул тууралуу “Регион” каналына түшүндүрмө берип, ал жерди тартып алган деген дооматты четке каккан. Ал заводдун жерин 470 миң АКШ долларына сатып алганын жана ал жердеги темир жана түтүктөрдү алып чыгып кетишкенин айткан.
Бул боюнча Бакыт Төрөбаев да үн катып, Эркин Жолдошалиевдин жерин сатып алуу боюнча ага Камчыбек Ташиев өзү кайрылганын, кийин соода ишине аралашпаганын тактаган. Бул окуядан кийин Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматынан кеткен.
Эркин Жолдошалиев ишкер, 2021-жылы ноябрда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон. Бакыт Төрөбаевдин бир тууган агасынын уулу. Ал Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин Кыргызстанга кайтып келген. (BTo/DSh)