Мамлекеттик ипотекалык компанияга 2024–2025-жылдары бюджеттен 90 млрд сом бөлүнгөн

Президент Садыр Жапаров ипотекалык үйлөрдүн биринде. "Мурас" комплекси, Бишкек. 12-январь, 2026-жыл.

Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) 2024–2025-жылдары республикалык бюджеттен 90 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 23-июндагы жыйынында айтты.

Ал МИК азырынча өзүн өзү каржылоого чыга электигин, компания 2-3 жылдын ичинде ирденип калат деген божомол бар экенин кошумчалады.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчисинин биринчи орун басары Нургазы Атканов МИК ушул тапта Кыргызстан боюнча 82 миңден ашык батир салып жатканын айтты. Анын сөзүнө ылайык, батирлердин чарчы метри бюджеттик кызматтарда иштегендерге 900-950 доллардан берилип жатат. Андан тышкары Бишкекте чарчы метри 1400 доллар болгон премиум класстагы бир турак жай комплекси бар.

Бийлик 2026-жылы 20 миңден ашык батир пайдаланууга берилерин маалымдаган. Президент Садыр Жапаровдун маалыматы боюнча, 2025-жылы Кыргызстанда 4 662, 2024-жылы 1 197 үй-бүлө турак жай менен камсыз болгон.

МИКтин сайтында баш-аягы 13 миң үй-бүлө батир алганы, кезекте тургандардын саны 73 миңден ашык экени көрсөтүлгөн. (BTo)

Дагы караңыз

Алишер Эрбаев УКМКдан баш-аягы 96 кызматкер жумуштан четтетилгенин айттыЖАМК камактагы Ташовдун ден соолугу канааттандырарлык экенин билдирдиПарламенттин экс-депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалдыСелден улам Баткен районунда өзгөчө кырдаал жарыяландыТрамп Ормуз ачылганын, Иран байланыш түзүлгөнүн билдириштиСогушта каза болгон орусиялыктардын кеминде 227 миңинин тек-жайы аныкталды