Жумгалда 1200 мегаваттык “Кара-Кече” ЖЭБи курулат

Садыр Жапаров. Жумгал району. 23-июнь, 2026-жыл.

Президент Садыр Жапаров Нарын облусунун Жумгал районунунда 1200 мегаваттык (МВт ) “Кара-Кече” жылуулук электр борборунун курулушу башталар алдында турганын билдирди.

Бул тууралуу мамлекет башчы 23-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун тургундары менен жолугушуу учурунда айтты. Бирок долбоордун наркы, ким ишке ашырат жана каржы булагы тууралуу маалымат берген жок.

Президент жыйында Нарын облусунун бюджети 2025-жылы 2,3 млрд сом болуп бекитилгени менен, жылдын аягында 7 млрд 680 млн сом бөлүнгөнүн, бекитилген бюджеттен 3 эсе көп каражат берилгенин кошумчалады.

Жумгал районунун аймагында курулуш, жол, ирригация жана таза суу тармактарында 2 млрд 833 млн сомдук жумуштар жүрүп жатканын да айтты.

Райондун тургундары жер тилкелерин трансформациялоо, ичүүчү таза суу менен камсыздоо, заманбап автобекеттерди жана автобус аялдамаларын куруу, айрым ишканалардын кызматкерлерине эмгек акыны өз убагында төлөө жана сот чечимдерине байланыштуу көйгөйлөрдү көтөрүштү.

“Ынтымак ордо” Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына кайрылууларды кылдат карап чыгып, көтөрүлгөн маселелерди белгиленген мөөнөттө чечүү тапшырмасын бергенин кабарлады. (BTo)

Дагы караңыз

Алишер Эрбаев УКМКдан баш-аягы 96 кызматкер жумуштан четтетилгенин айттыДепутат Жээнчороев шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштадыМыйзамсыз миграция уюштургандарга дээрлик 8 миллион сомдук айып пул салынды"АЮ" холдингинин башчысы Тыныбек Исаев кайрадан камалдыСогушта каза болгон орусиялыктардын кеминде 227 миңинин тек-жайы аныкталды Мамлекеттик ипотекалык компанияга 2024–2025-жылдары бюджеттен 90 млрд сом бөлүнгөнЖАМК камактагы Ташовдун ден соолугу канааттандырарлык экенин билдирдиПарламенттин экс-депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалды