24-июндун аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

24-июнда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 27…32

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күңдүз 19…24

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23°, күндүз 30…32° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 23…25° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 23-июнда эртең менен 19,7° түздү.

Дагы караңыз

Жумгалда 1200 мегаваттык “Кара-Кече” ЖЭБи курулат"Үйдөгү буюмдар агып кетти". Баткендеги селдин кесепетиАлишер Эрбаев УКМКдан баш-аягы 96 кызматкер жумуштан четтетилгенин айттыМыйзамсыз миграция уюштургандарга дээрлик 8 миллион сомдук айып пул салынды"АЮ" холдингинин башчысы Тыныбек Исаев кайрадан камалдыСогушта каза болгон орусиялыктардын кеминде 227 миңинин тек-жайы аныкталды Орусиянын кеминде 53 аймагында бензин чектөө менен сатылууда