Брексит: Он жылдан бери тынчыбаган талаш

Брекситти колдогондор жана каршы чыккандардын акциялары. Лондон, 14-март 2019-жыл

Британиялыктар Еврошаркеттен чыгуу жолун тандаганына 10 жыл болду. Ошондон бери ал чечим канчалык туура болгон, Брекситтен өлкө уттубу же утулдубу деген талаш-тартыш тынчыбай келатат. Британияга чейин жана андан кийин бир да мүчө мамлекет 27 өлкөнүн башын бириктирген уюмдан чыккан эмес.

Ал арада 22-июнда премьер-министр Кир Стармер кызматтан кетип жатканын жарыялады. Ушуну менен 10 жылда алтынчы жолу өкмөт башчы алмашканы жатат.

2016-жылдын 23-июнунда өткөн референдумда биримдик менен ажырашууну добуш бергендердин 52% колдосо, 48% каршылыгын билдирген. Сүйлөшүүлөр дээрлик төрт жылга созулуп, 2020-жылдын башында өлкө Еврошаркеттен расмий чыккан.

Найжел Фараждын оңчул популисттердин Reform UK партиясы башында турган демилгечилер Британия өзүнүн мыйзамдарын өз алдынча аныктап, бюджетин, чек араларын өзү көзөмөлдөөгө тийиш деген аргументин келтирген.

Найжел Фараж, 2025-жылдын 6-сентябры.

Андан тышкары мыйзамсыз миграцияга каршы күрөштү өз колуна алууну, шаркеттин башка өлкөлөрүнөн келген жумушчу күчтү чектөөнү көздөгөн.

Ал эми мүчөлүктү сактап калууну жактагандар Брексит экономикага чоң залака тийгизерин, калктын жакырлануусуна алып келерин айтып келген.

"Брексит экономисттер болжолдогондой эле Улуу Британиянын экономикасына терс таасирин тийгизди. Шаркетте кала берсек экономикабыз бүгүнкүдөн күчтүрөөк болмок. Кесепеттин масштабы тууралуу талашып-тартышып жүрүшөт, менимче, ички дүң өндүрүмүнүн бир нече процентин түзөт. Демек, Брекситтен улам биз бир нече процентке жакыр болуп калдык. Албетте бул катастрофа эмес. Бул аралыкта башка европалык өлкөлөр да экономикалык кыйынчылыктарга туш болгонун унутпайлы. Бирок Брексит экономикабызды алсыратты", - деп айтат Рейтер агенттигине Падышалык коллеждин экономика профессору Жонатан Портес.

Өткөн ишембиде Лондондун борборуна 2 миңге жетпеген киши чогулуп, Еврошаркетке кайрадан кошулууну талап кылышты. Катышуучулар Брекситке нааразылар мындан көп болгону менен аз киши чыкканын түшүнбөй турганын айтышты. Алардын бири Жейн Жэрвис аттуу жергиликтүү тургун:

"Брексит бардык жагынан алганда өлкөбүз үчүн апаат болду. Экономика гана эмес, эки жакка каттоо чектелди, үй-бүлөлөр бөлүнүп калды, жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүнөн кол жууп калдык, жаш муун өзүн таппай калды. Бул – абдан маанилүү".

Элдин пикирин сурап билүүлөр көрсөткөндөй, калктын басымдуусу шаркет менен ажырашуу ката болгон деп эсептейт.

Ал эми Англия банкынын төрагасы Эндрю Бэйли биримдиктеги мүчөлүктү токтотуу чечиминин кесепети финансы тармагына таасир эткени менен зыяны болжолдонгондон азыраак болуп чыкканын белгилейт:

Англия банкынын төрагасы Эндрю Бэйли, 2022-жылдын 3-ноябры.

"Бир топ киши, анын ичинде биздин банк 10 жылдан бери шаркеттен чыгуунун кесепеттерин азайтуунун үстүнөн иштеп келдик. Менимче, биз ийгиликке жетиштик, Лондон маанилүү финансы борбору, ал эми Британия финансы кызматынын маанилүү камсыздоочусу катары позицияларын бекемдеди. Жыйынтык айрымдар болжолдогондон башкача болуп чыкты".

Экономика бекемделгенин дүйшөмбүдө премьер-министр Кир Стармер да сөз кылды. Отставкасын жарыялаган саясатчы ал бийликте турган эки жылда өкмөт инфраструктурага, коргонуу тармагына инвестиция салганына, жумушчулардын укуктарын жакшыртканына токтолду.

Стармердин кызматтан кетишине партиялаштарынын, анын ичинде кабинет мүчөлөрү арасындагы маанай түрткү болду.

Дагы караңыз

Британ премьер-министри Кир Стармер отставкага кетип жатканын жарыялады

Байкоочулардын көбү Манчестер шаарынын мурдагы мэри Энди Бөрнем премьерликке жападан жалгыз талапкер болорун болжолдошот. Андай болсо саясатчы эмки айда кызматты аркалай баштайт. Ал эми ага атаандаш болгон башка талапкерлер да чыкса, анда өкмөттүн жаңы башчысы сентябрда белгилүү болмокчу.

Стармер жетектеген лейбористтер эки жыл мурда шайлоодо ишенимдүү жеңген. Бирок экономикалык кыйынчылыктар, мыйзамсыз миграция маселелеринен улам алардын популярдуулугу төмөндөдү.

Партия Бөрнем Фараждын Reform UK партиясынан жаралган коркунучка туруштук берүүгө көмөктөшөт деп ишенет. Социологдордун маалыматында, оңчул популисттер Британиядагы эң популярдуу саясий күч бойдон калууда.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Брекситтен Британия уттубу же утулдубу?