Президент мурдагы кеңешчиси Кубандыковдун иши боюнча комментарий берди

Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 27-декабрында Чүй облусундагы балык жеми заводуна барган учурда аны Жаныбек Кубандыков коштоп жүргөн.

Президент Садыр Жапаров мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыковдун айланасындагы окуяларга комментарий берди.

Мамлекет башчы 23-июнда Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушууда Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Жаныбек Асанбеков президентке кайрылып, Жаныбек Кубандыковдун кысымы менен мандатын тапшырууга аргасыз болгонун айтты.

Садыр Жапаров прокуратура органдарына бул окуяны иликтөө тапшырмасын берип, мурдагы кеңешчиси тууралуу да сөз сүйлөдү.

“Ал менин кеңешчим эмес. 2021-жылы мен бийликке келгенде 20дай кишиге коомдук кеңешчи деген күбөлүк бергем. Анын баарын кайра бир жылдан кийин алып койгом. Ал (ред: Жаныбек Кубандыков) камалып, жакында эле үй камагына чыкты. Эки-үч иштери бар экен. Ошолорду бүтүрмөйүнчө камаласың деп прокуратура кармаган. Камактан чыгып азыр иштерин бүтүрүп жүрөт. “Мен кеңешчисимин, тууганымын” дегендер болгон. Бардыгы камалып кайра акчаны кайтарып берген. Менин атымды саткандар болгон. Аларга ишенбешиңер керек”, - деди президент.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 21-майда Жаныбек Кубандыков кармалганын билдирген. Атайын кызматтын маалыматында, ал жана дагы бир адам (А.К.Т.) чет өлкөлүк инвесторлорду алдап, өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген деп шек саналууда.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Бишкектин Ленин райондук соту 22-майда бөгөт чарасын карап, аны 17-июлга чейин камакка алган. Ушул эле сот 6-июнда Жаныбек Кубандыковдун бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Жаныбек Кубандыков буга чейин Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп иштеген жана Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекованын жолдошу.

Медина Кайрылбекова 2-июнда социалдык тармактагы баракчасы аркылуу күйөөсү Жаныбек Кубандыков тууралуу билдирүү тараткан. Ал соцтармактарга жолдошу эки чет өлкөлүк ишкерди тааныштырганын, бирок бири экинчисин алдап кетип, ортого түшүп “тааныштырганы үчүн күйүп жатканын” жазган. Орусиялык жаран польшалык жаранды 5 миллион 500 миң долларга алдап кеткенин, күйөөсү буга тиешеси жоктугун кошумчалаган. (BTo)

Дагы караңыз

Сеул Украинада туткунга түшкөн түндүккореялык эки аскерди алууга аракет кылуудаНАТО саммитин утурлай Түркияда 200дөн ашуун киши кармалдыӨзбекстандын эки айылы Кыргызстанга өттү, Бишкек Астанага жер алмашууну сунуштадыИИМ экс-депутат Төрөкуловдун кармалышы боюнча комментарий бердиЖумгалда 1200 мегаваттык “Кара-Кече” ЖЭБи курулатАлишер Эрбаев УКМКдан баш-аягы 96 кызматкер жумуштан четтетилгенин айттыДепутат Жээнчороев шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады