Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда боор алмаштыруу боюнча экинчи операция жасалды. Бул тууралуу аталган борбордун боор хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Эрнис Тилеков Биринчи радиого курган маегинде билдирди.
Анын сөзүнө караганда, операция ийгиликтүү өттү, бейтапка уулу донор болду. Учурда экөөнүн тең абалы жакшы, донорду 25-июнда палатага которуу каралууда.
Операция Москвадагы Валерий Шумаков атындагы федералдык илимий борбордун алдыңкы хирургдары менен чогуу жасалды.
Боор трансплантациялоо боюнча аталган ооруканадагы алгачкы медициналык операция Кыргызстанда 14-апрелде ийгиликтүү жасалган. Учурда донор да, операцияга муктаж болгон бейтап да өтө жакшы абалда экенин Тилеков кошумчалады.
"Анда да атасына 20 жаштагы уулу донор болгон, ал биздин кесиптешибиз, келечектеги дарыгер. Азыр жакшынакай болуп окуп жүрөт, атасы фермер, ал да жакшы иштеп жүрөт, машине айдайт. 10-15 күндө бир келип, бизге текшерилип турат", - деди Тилеков.
Кыргызстанда боор алмаштырган алгачкы медициналык операция Кыргыз-түрк достугу ооруканасында 2024-жылы жасалган. Анда 50 жана 51 жаштагы эки бейтаптын боору алмаштырылган. Боор трансплантациялоону Түркияда атайын окуудан өтүп келген жергиликтүү дарыгерлер жасап, аларга түркиялык адистер көмөктөшкөн.
Саламаттык сактоо министрлиги быйыл 1-январга карата Кыргызстанда боорун алмаштырган 578 жаран жашай турганын маалымдаган. Гепатитти алдын алуу жана дарылоого мамлекет быйылкы жылга 492 млн 460 миң сом бөлгөн. (ZKo)