"Сууга жолобогула". Өспүрүмдү издеген ыктыярчыларга кайрылуу

Талас. Талас суусуна агып кеткен өспүрүмдү издөө уланууда.

Таласта сууга агып кеткен окуучу баланы издөө уланууда. Издөө-куткаруу иштерине катышып жаткан бир кызматкери каза болгонун ӨКМ билдирди. Облус башчы ыктыярчыларга кайрылып, куткаруу иштерине аралашпоого чакырды.

Кыргызстанда соңку күндөрү адамдар ар кандай шартта сууга чөгүп каза болгон, дайыны табылбай жаткан окуялардын бир нечеси катталууда. Арасында балдар да бар.

Талас облусунда суу агызып кеткен өспүрүмдү издөө бир нече күндөн бери уланып жатат. Маалыматтарга караганда, 16 жаштагы бала 23-июнда Чоң-Токой айылында Талас дарыясына түшүп жатып, агымга туруштук бере албай калган.

Аны издөөгө тартылгандардын арасынан бир киши каза тапканы 27-июнда белгилүү болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Талас облусунда издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү учурунда кызматтык милдетин аткарып жатып куткаруучу-суучул, лейтенант Аскар Казыбеков көз жумганын билдирди жана маркумдун жакындарына көңүл айтты.

"Баланы дарыядан издөө иштерин жүргүзүү маалында куткаруучу-суучул жаракат алган. Көрсөтүлгөн медициналык жардамга жана дарыгерлердин аракетине карабастан анын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон жок", - деп айтылды мекеменин маалыматында.

32 жаштагы Аскар Казыбековдун артында жубайы жана кызы калды.

Талас дарыясында ушу тапта суунун агымы өтө катуу болуп жатканын президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев 27-июнда билдирди.

"Талас суусунда азыр секундасына 50 кубдан ашык суу өтүп жатат. Куткаруу иштерин биз токтотпойбуз, издөө иштерин улантабыз сөзсүз. Бирок атайын техниканын күчү жана атайын даярдалган адамдар менен", - деди ал.

Облус башчысы бул кырсыктарга байланыштуу Таласта белгиленген бардык иш-чаралар башка убакка жылдырылганын кошумчалап, элге кайрылды.

Ал мындан ары издөө-куткаруу иштерине атайын даярдыктагы адамдар гана катышарын эскертип, жарандарды, активисттерди сууга жолобоого чакырды.

"Атайын Бишкектен ӨКМ жөнөткөн куткаруучулардын бири да сууга чөгүп кетип каза болду. Сураныч, урматтуу жалпы Талас облусунун тургундары, жарандар, сууга түшпөңүздөр. Куткаруу иштерин мындан ары биз Ички иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Чек ара кызматы жана биз, жергиликтүү бийлик атайын техниканын күчү менен улантабыз. Бирок жарандар, активисттер жана жергиликтүү тургундар, сураныч, сууга жолобоңуздар. Куткаруу иштерине аралашпаңыздар. Себеби өтө кооптуу. Суу абдан чоң көлөмдө келип жатат бүгүнкү күндө", - деди облус башчысы.

Өспүрүмдү издөөгө жөнөкөй жарандар да катышып жатканы тууралуу сүрөт-видеолор социалдык түйүндөргө жарыяланууда.

Кайдыгер карабоого жергиликтүү тургундарды Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков да чакырып, социалдык түйүндөрдөгү видео кайрылуусунда 8-класстын окуучусун издөө иштерине көмөк көрсөтүү үчүн чогулууга үндөп, өзү да катышып жатканын айткан.

Түрдүү жаратылыш же башка кырсыктар учурунда куткаруу-издөө иштерине жарандар, негизинен жергиликтүү тургундар катышып келери белгилүү.

Соңку кезде мындай учурда блогерлердин, ыктыярчы жарандардын түрдүү кайрылуулары, окуя болгон жерден түз сүрөт, видеолору социалдык түйүндөр аркылуу тез жана көп жарыяланып жатканын көрүүгө болот.

Жакында Кегети аймагында алты жашар баланы суудан издөөгө жалпысынан 500дөй жаран катышканы, арасында коңшу Казакстандан келгендер да бар экени, Орусиядан да келем деген блогерлер болгону маалымдалган.

Социалдык түйүндөрдө жакында Ингушетияда сегиз жаштагы баланы издөөгө жергиликтүү тургундардан тышкары коңшу республикалардан миңдеген киши катышкан окуя да кызуу талкуу жараткан. Досун суудан куткарып калып, өзү агып кеткен Хизирдин сөөгү бир аптадан кийин, 10 чакырым жерден табылган. Издөө иштерине катышкан кыргызстандык тууралуу видеолор жарыяланып, көп көрүлгөн.

ӨКМ, бийлик жайкысын сууга түшүүдө этияттык керек экенин элге дайым эскертип келет.

Мекеменин маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери беш ай ичинде суу кырсыгына кабылып, 28 адам каза болду. Былтыр алгачкы беш айда бул көрсөткүч 16 адамды түзгөн.

27-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ата-энелерге кайрылып, өзгөчө жайкысын көлдөрдүн жана башка суу объектилеринин жанында өтө этият болууга чакырды. Бул тууралуу өкмөт башчы өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып, Чүй районундагы Кегети капчыгайында жол кырсыгынан кийин сууга агып кеткен алты жаштагы баланын жакындарына көңүл айтты.

“Кегети капчыгайында сууга агып кеткен алты жаштагы баланын сөөгү табылды. Ал эми Талас районундагы 15 жаштагы өспүрүмдү издөө иштери азыркы учурда дагы уланууда. Периште болуп учуп кеткен баланын ата-энесине жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам”, - деп жазды Касымалиев.

Ал издөө иштерине активдүү катышкан бардык жарандарга ыраазычылык билдирип, ата-энелерди балдарын кароосуз калтырбоого чакырды.

Кегети капчыгайында жол кырсыгынан кийин сууга агып кеткен алты жаштагы баланын сөөгү 26-июнда табылган. 23-июнда “Фольксваген пассат” үлгүсүндөгү автоунаа сууга түшүп кетип, ичиндеги 12 жаштагы кыз менен алты жаштагы бала сууга агып кеткен. Кыздын сөөгү ошол эле күнү табылып, бала изделип жаткан.

Кыргызстанда акыркы эки жылда 167 адам сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 2025-жылы 81 адам, ал эми 2024-жылы 86 адам суу кырсыгынын курмандыгы болгон. Өткөн жылы жайкы сезондо 59, 2024-жылы 67 трагедия катталган. Бул кырсыктардын эң көбү Чүй жана Ысык-Көл облустарында катталган.

Бүгүн, 27-июнда Чүйдүн Аламүдүн районунда Бишкек шаардык куткаруу кызматынан, ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунан жана ИИМден жалпы 202 адам издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө. ӨКМдин маалыматына караганда, «Теплые ключи» эс алуу жана дарылоо борборуна жакын жерде 24-июнда Аламүдүн суусунда бир адам агып бара жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.