Футбол: Канада, Бразилия, Парагвай жана Марокко 1/8 финалга чыкты

Бразилия жана Жапония улуттук курама командаларынын беттеши.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычынын оюндары башталды.

Бразилиянын улуттук курама командасы Жапонияны 2:1 эсебинде утуп 1/8 финалга чыкты. Мунун алдында Канада Түштүк Африка Республикасын 1:0 менен жеңип, бул курама команда да кийинки баскычка өткөн.

Германия менен Парагвайдын футболчулары кез келип негизги убакытта эки курама 1:1 эсебинде тең чыкты. Кошумча берилген 30 мүнөттө да жеңүүчү аныкталбай пеналтилер сериясына чейин жетти. Анда Парагвай Германияны 4:3 менен утуп, дүйнө чемпионатынын фавориттеринин бири – Германияны жеңип, сенсация жаратты.

Андан соң Нидерланды менен Марокконун футболчулары беттешти. Эки курама да негизги жана кошумча берилген убакытта 1:1 менен тең чыгып, алар да пеналти тебишти. Жыйынтыгында Марокко 3:2 эсеби менен утуп, 1/8 финалга жолдомо алды. Ошентип дүйнө чемпионатындагы эки күчтүү делген курамалар – Германия менен Нидерланды беттештен четтеди.

11-июнда башталып, 19-июлга чейин улана турган футбол боюнча дүйнө чемпионаты АКШ, Канада жана Мексикада өтүп жатат. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда ушул жылы 283 сел кырсыгы катталдыУлуттук банк жыл башынан бери эң ири интервенция жасадыКадамжайдагы балдар үйүндө 11 жаштагы өспүрүм каза болдуБаткенде катуу шамалдын чыгымы 16 млн сом деп эсептелди Орус армиясынын соккуларынан Украинада 11 киши набыт болдуКазакстанда аскерлерди жогорку күжүрмөн даярдыкка келтирүү боюнча машыгуулар өтүүдө