“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коому 29-июнда өлкөнүн энергосистемасында жайкы мезгилдеги суткалык электр жарыгын керектөө 47 миллион 112 миң кВт/саатка жеткенин билдирди.
Ишкананын маалыматында бул — тарыхтагы жай мезгилинде катталган эң жогорку көрсөткүч. 2025-жылдын 29-июнунда керектөө 40 миллион кВт/сааттын тегерегинде болгон.
“Кыргызстан улуттук электр тармагы” жаңы көп кабаттуу үйлөр (МИК), социалдык мекемелер, өнөр-жай объекттери курулуп, пайдаланууга берилгендиктен электр жарыгын колдонуу жогорулаганын кабарлады.
Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны жыл сайын орточо 30 миң абонентке көбөйүп жатат. Ишкана калкты жарыкты үнөмдүү пайдаланууга чакырып, колдонулбай турган тиричилик шаймандарын убагында өчүрүп турууга үндөдү.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан 2026-жылы 19,6 млрд кВт саат электр жарыгын колдонот деп эсептелген. Анын ичинен 15,7 млрд кВт саатты Кыргызстан өзү өндүргөн электр энергиясы менен жабат деп күтүлүүдө. Калган 4 млрд кВт саатты коңшу өлкөлөрдөн сатып алат.
Кыргызстан өзү өндүргөн электр энергиясы керектөөнү жаппайт. Ушундан улам жыл сайын күз-кыш мезгилинде Казакстандан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан электр жарыгын сатып алат. (BTo)