1-июлдан тарта үч жашка чейинки балдар үчүн ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пул – “Бала ырысы” боюнча арыздарды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирди.
Министрдин орун басарынын айтымында, 1-июлда 700дөн 1000ге чейин арыз түшкөн.
“Статистика боюнча өлкөдөгү калктын 38% балдар. Анын ичинен үч жашка чейинки балдардын саны 440-470 миңди түзөт. Жөлөк пулга арыз берүү мобилдик тиркеме жана аймактык башкармалыктар аркылуу жүргүзүлөт. Жарандар июль айында арыз берип башташса, август айынан тартып жөлөк пул берилип баштайт. Жөлөк пулду эки мамлекеттик банк – “Элдик банк” жана “А банк” аркылуу алса болот”, - деди ал.
Жөлөк пул “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамдын негизинде дайындалып, анын суммасы ар бир үч жашка чейинки балага ай сайын 1200 сомду түзөт.
Жөлөк пулду алуу үчүн ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр белгиленген формадагы арызды, паспортту, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жана башка зарыл документтерди тапшырышы керек.
Министрлер кабинети 2026-жылы үч жашка чыга элек балдарга жөлөк пул берүү үчүн бюджеттен 3 миллиард 316 миллион сом бөлөрү кабарланган. (BTo)