Улуттук илимдер академиясы кыргыз тилине байланыштуу долбоорго тиешеси жок экенин билдирди

Улуттук илимдер академиясы.

Улуттук илимдер академиясы (УИА) кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча сунушталган долбоорду атайын түзүлгөн эксперттик топ иштеп чыкканын билдирди. Мекеменин маалыматында кыргыз тилинин орфографиялык жана орфоэпиялык эрежелерин кайрадан иштеп чыгуу ишин президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы көзөмөлдөгөн.

Тил комиссиясынын 2025-жылдын 14-апрелиндеги №18 тескемеси менен 31 кишиден турган атайын эксперттик топ түзүлүп, орфографиялык эрежелерди иштеп чыгуунун тартиби бекитилген.

Эксперттик топко жети облус жана эки чоң шаардан өкүлдөр кирип, Улуттук илимдер академиясынын Юнусалиев атындагы Тил илими институтунан эки кызматкер катышкан. УИА коомдо талкуу жараткан тил эрежелери боюнча долбоорду Улуттук илимдер академиясы же анын курамындагы Тил илими институту эмес, атайын түзүлгөн эксперттик топ иштеп чыкканын кошумчалады.

25-июнда Улуттук илимдер академиясында “Кыргыз тилинин жазуу эрежелери: учурдагы абалы жана өркүндөтүү маселелери” деген аталыштагы илимий-практикалык конференция өткөн. Ага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев да катышкан.

Кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча сунушталган долбоор тил комиссиясынын сайтына жарыяланган. Андагы “Э” жана “Е” тамгаларынын колдонулушуна байланыштуу маселе коомчулукта талкууланып жатат. Сунушталган долбоордо чет элден кирген сөздөрдө “Э” тамгасын колдонуу, кыргыз тилиндеги сөздөрдү “Е” менен жазуу демилгеси бар.

Буга байланыштуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков комментарий берип, бул демилгеге мамлекеттин тиешеси жок экенин жана кыргыз алфавити өзгөртүлбөй турганын айткан. (BTo)

Дагы караңыз

“Кыргызнефтегазда” 1 млрд сомго жакын каржылык мыйзам бузуу аныкталдыБукер сыйлыгы Playrix'тин негиздөөчүлөрүнүн бири Бухмандын атын алатКөл-Үкөк жайлоосунан төрт турист, жети өспүрүм коопсуз аймакка чыгарылдыБишкек, Ош шаарларынын мэрлери жана акимдер жылына эки ирет эл менен жолугушатКыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын 1-1,5 айга жете турган кору барКиевде түндө урулган чабуулдан ондон ашык адам каза болду, 80дей киши жарадар