мазмуну
- УКМКнын 5-июлдагы "Кадамжай" жана "Чечме" көзөмөл-өткөрүү бекеттеринде Чек ара, Бажы жана Ветеринардык көзөмөл кызматтарынын кызматкерлерин кармоо операциясы ок атуу менен коштолгону белгилүү болду.
- "Азаттык" баарлашкан күбөлөр кармоо маалында ок атуулардын добушун укканын билдиришти.
- Атайын кызмат ок атуу тууралуу маалымат берген жок, бирок аталган бекеттерде мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар 40таш ашуун кызмат адамдарын кармоо операциясын жүргүзгөнүн 7-июлда ырастады.
- Ок ким тарабынан атылганы азырынча белгисиз.
Улуттук коопсуздук боюнча атайын комитет Кадамжайдагы кармоолор тууралуу 7-июлда маалымат менен кошо видео тасманы да таратты. Анда “Кадамжай” жана “Чечме” көзөмөл-өткөрүү бекеттеринде тинтүү жүргүзүп, формачан ондогон адамды кармап жатканы, акчалар алынганы тартылган. УКМК операциянын алкагында аталган өткөрүү бекеттердин жалпы 41 кызматкери кармалганын жана ири көлөмдө акча каражаты алынганын билдирди.
"Азаттыктын" кабарчылары "Кадамжай" көзөмөл-өткөрүү бекетине барып, күбөлөр менен баарлашты. Алардын айрымдары 5-июлдагы операция маалында Чек ара, Бажы жана Ветеринардык көзөмөл кызматтарынын өкүлдөрүн кармоо аракети жүргөн кезде ок атылганын айтып беришти.
"Кичине балам менен иштеп жүргөм. Баламды ойнотуп жүрсөм, бир маалда ак түстөгү машине келип токтоду. Андан адамдар шарт түшүп эле постко кирип кетишти. Киргенден кийин эки-үч жолу абага ок атылды. Мен болсо баламды көтөрүп алып бул жакка чуркап келдим. Мындай нерсени көргөн эмес экенбиз. Андан кийин пост жабылды. Бир жарым сааттай өткөндөн кийин тиги жактагы ак кафе тараптан төрт адамды колдорун кайрып, куралчан, атайын форма кийген адамдар алып келип, ушул жакка киргизип кетишти. Кечки саат 8–9дар чамасында болгон. Ошондон кийин өткөрмө бекет жабылды".
Баткендеги "Кадамжай" жана "Чечме" өткөрүү бекеттери Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы маанилүү чек ара түйүндөрүнүн бири болуп эсептелет. Кадамжай районунун акиминин орун басары Айжигит Акматов билдиргендей, бул бекеттер аркылуу күн сайын эки өлкөнүн жарандары, анын ичинде Өзбекстандын Сох эксклавынын жана Шахимардан айылынын тургундары өтүшөт. Жай айларында ары-бери каттаган эс алуучулар да көбөйөт.
"Кадамжай" көзөмөл-өткөрүү бекети аркылуу негизинен Өзбекстандын Сох районунун жана Шахимардан айылынын тургундары өтүшөт. Алар бул каттамды күн сайын колдонушат. Азыр жайкы туристтик сезон болгондуктан, май айынан августка чейин Өзбекстандан Шахимарданга эс алууга келгендер да ушул бекет аркылуу өтүшөт. Ал эми "Чечме" өткөрмө бекети аркылуу биздин райондун тургундары Баткенге катташат. Ошондой эле Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жашоочулары Хайдаркенге ушул жол менен барышат", - деди ал.
Дагы караңыз
Милициянын жана спорттун кылмыштуу дүйнө менен жуурулушуУчурда "Кадамжай" көзөмөл-өткөрүү бекети кадимки тартипте иштеп жатат. Бирок чек арадан өтүүнү күткөндөрдүн кезеги кыйла узун экени байкалат. Кыргызстан тарапта жолуктурган өзбекстандык жарандар текшерүү мурдагыга караганда узагыраак жүрүп жатканын айтышты. Фарух аттуу өзбек жаранын азыноолак кепке тарттык:
- Өткөнүбүзгө бир саат болду. Күтүп жатабыз. Өзүбүз өтүп кеткенбиз, бирок машинебиз өтө элек. Абдан жай текшерип жатышат. Өзбекстандын постунан чыгып кеткен, азыр Кыргызстан тараптан өтө элек. Ошондон бери күтүп жатабыз.
- Кыргызстан тарап узагыраак текшерип жатабы?
- Ооба, узак. Шашпай, жакшылап текшерип жатышат. Балким, биздин тарап да Кыргызстандан кайтып жаткан автоунааларды ушундай текшерсе керек.
Дагы караңыз
Кыргыз-өзбек чек арасы: Өткөрмө бекеттердин ачылышы, экономикага таасириУлуттук коопсуздук комитети билдиргендей, кармалган 41 кишинин 17си "Кадамжай" көзөмөл-өткөрүү бекетинде иштеген Чек ара кызматынын өкүлү. Мамлекеттик бажы кызматынын беш кызматкери, Ветеринардык көзөмөл кызматынын бир кызматкери, бир фельдшер жана үч жаран, ал эми “Чечме” көзөмөл-өткөрүү бекетинен 11 чек ара кызматкери жана үч бажы кызматкери кармалган. Мурдараак чек арада мыйзамсыз акча чогултуу боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (“Пара алуу”) боюнча кылмыш иши козголгонун, мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери уланып жатканын билдирди.
Кармалгандардын жакындары, адвокаттары тараптан кандайдыр бир комментарий боло элек.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Чек ара: «Кадамжай» жана «Чечмедеги» атайын операция