Ушул айдын башында Ташиев баштаган cегиз кишини райондук сот “Бийликти күч менен басып алуу” беренесинин негизинде күнөөлүү деп таап, төрт жылдан абакка кескен эле. Баарына үч жылдык пробация берилген. Президенттик шайлоого байланыштуу быйыл февраль айында жарыяланган кайрылуунун арты Жапаров менен Ташиев тандемин уратты. Айрым эксперттер саясий тандемдин талкаланышына Ташиевдин шайлоого катышуу ниети себеп болгонун айтышкан. Соңку беш жылда өлкөдөгү чоң саясий фигурага айланган Ташиевдин саясаттагы мындан кийинки жолу кандай болот?
Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүн анын тарапташы Өткүрбек Рахманов 16-июлда Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
“Бул дагы менин көптөн бери айтып келе жаткан так позициям экенин билесиздер. Себеби өлкөнүн туруктуулугу, мамлекеттин кызыкчылыгы жана элдин ынтымагы баарынан жогору турат. Мен мамлекетчил жана мекенчил адам катары досум Садыр Нургожоевичти колдоймун. Досумду колдоо менен мен мамлекетибиздин өнүгүүсүн, элибиздин биримдигин жана Кыргызстаныбыздын келечегин колдогонум деп билемин. Мен мамлекетиме кызмат кылып келатканыма сыймыктанам. Элимдин алдында, Жараткан Кудайдын алдында абийирим таза. Элим менен мамлекетим үчүн ак кызматымды мындан ары да улантам”, - деп жазган Ташиев.
Ташиев коомчулукта өзүнүн атын жамынып, бүлүк салууга аракет кылгандар бар экенин белгилеп, аларга ишенбөөгө чакырды.
2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “75чилердин каты” боюнча чечим чыгарган. Ишти караган судья Азирет Медеров Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевди Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, төрт жылдан абакка кескен. Сот ушул эле берене менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевди, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду да күнөөлүү деп таап, төрт жылдан эркинен ажыраткан. Судья айыпталуучуларды “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча актап, баарына үч жылдык пробация берген. Өкүмдө сегиз кишинин мүлкү мамлекетке алынары да жазылган. Кылмыш ишин Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Башкы тергөө башкармалыгы козгоп, тергеди.
Соңку окуялардан улам коомчулукта досу жана өлкө президенти Садыр Жапаров менен тымызын тирештен кийин соттон пробациялык мөөнөт алган Ташиевдин аны колдойм деп чыкканы эмнеден кабар берет деген суроо жаралууда. Соттуулугу ансыз деле шайлоого барышына жолтоо болмок беле же кайрылуунун саясий мааниси андан жогору турабы?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
“Талкаланган тандемдер, саясаттагы амбиция”. Камчыбек Ташиев баскан жол
Жарандык активист Адил Турдукулов шайлоо жакындаган сайын Жапаровго каршы коюу аракети күчөгөндүктөн Ташиев мурдатан айтып келген көз карашын дагы да баса белгилеп койгусу келди деген пикирде:
Адил Турдукулов
“Буга чейин деле Ташиев Садыр Жапаровго карата кайчы пикир айткан эмес. Бир тандем, бир команда экенин баса белгилеп келген. Керек болсо отставкага кетерде деле "президенттин саясатын колдойм" деп бир нече жолу айткан. “Президенттик шайлоого катышпайм” деген кечээги билдирүүсү – президенттин жанындагылар көбүнесе Ташиевди эң башкы атаандаш катары көрсөтүүгө аракет жасап жатканын өзү туюп-билип жатат окшойт. Азыр Ташиевге карата жүргүзүлгөн дискредитациялоо боюнча кампания дагы аны атаандаш катары көрсөтүүгө аракет болуп жатат деп түшүнгөндүктөн, ошондой ачык билдирүүгө барганга аргасыз болду деген ойдомун. Анын ниети ошондой эле болуш керек. Анткени, соттолгондон кийин анын катышууга, биринчиден, укуктук негиз жок. Экинчиден, эгерде алар каршылаш болсо, анда бул экөөнө тең аброй да, жеңиш да алып келбешин жана кандайдыр бир окуяларга түрткү болушу мүмкүн экенин билип туруп ошондой билдирүү жасап жатат деген ойдомун”.
Турдукулов бул билдирүү Ташиевдин "саясаттан кеттим" дегенин билдирбейт деп эсептейт. "Ал сөзсүз түрдө Кыргызстандагы саясий фактор боло берет деген ойдомун. Анткени буга анын электораты да, финансысы да, бардык жагынан тажрыйбасы дагы жетиштүү".
Айрым серепчилер чөйрөсүнүн шыкагына карабай Ташиевдин президентти колдоого кадам таштаганы жана тарапташтарын да ошондой маанайга үндөгөнү маанилүү экенин белгилешет. Андыктан анын “шайлоого барбайм” дегенине караганда туруктуулук менен биримдикке чакырганы салмактуу экенин айтышат.
Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев Ташиев бул билдирүүсү менен алдыдагы беш жылда эмне мерчемдеп турганын туюнтуп койду деп санайт.
Алмазбек Акматалиев
“Ташиев кийинки беш жылдык планын, менин оюмча, ушул жарыясы, ушул айткан сөздөрү менен аныктап койду. “Шайлоодо колдоп берем” деди, “катышпайм” деди. Анан, кийинки, мисалы тээ 2031-32-жылдан аркысын пландаш кыйын. Себеби, кыргыз саясатында дүйнөдө болбогон ар кандай нерселер болуп кетип атпайбы. Ошондуктан божомол кылыш кыйын. Бирок менин оюмча, жакынкы беш жылда Камчыбек Ташиев мырза саясаттан оолак болот, өзүнүн жеке иштери, ден соолугу менен алектенет”, - дейт Акматалиев.
Ташиев 10-февралда Германияда дарыланып жүргөн кезде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана УКМК төрагасы кызматынан алынган. Ошол кезде ал президенттин чечими күтүүсүз болгонун айтып чыккан. Кийинчерээк Айт күнү элден кечирим сураган. Коомдун көзүнө андан башка чалдыкпаганга аракет кылып келди.
Бул арада өзү, уулу, иниси жана бир катар санаалаштары укук коргоо органдарынын сурагына алынган. Иниси Шаирбек Ташиев учурда тергөө абагында отурат.
Дагы караңыз
Экс-депутат Шаирбек Ташиевдин камактагы мөөнөтү сентябрга чейин узартылдыТашиевдин өзүнө жана тарапташтарына козголгон кылмыш иштери сотко өткөндөн кийин тагылган айыптар боюнча айрым билдирүүлөрдү жасаганы болбосо, башкы суроо – алдыдагы президенттик шайлоого барар-барбасы ачык бойдон сакталып келди.
Мындай жагдай коомдогу талкууну жандуу кармап, президенттик команда менен ич ара тирешүүнүн белгиси катары сыпатталып жатты.
Соңку беш жылда өлкөдөгү чоң саясий фигурага айланган Ташиевдин саясаттагы мындан кийинки жолу кандай болот? Чуулгандуу окуяларга карабай президенттик шайлоого башкы талапкерлердин бири катары күтүлүп келген анын келечектеги саясий тагдыры көпчүлүктүн кызыгуусун жаратууда.
Саясат талдоочу Акматалиев Ташиевдин артында дагы бир катар олуттуу илинчектер бар экенин, мындай жагдай анын абалын бир кыйла оорлотуп, абай кадам таштоого мажбур кылат деп эсептейт:
“Менин жеке пикиримде, 4 жылга пробация менен соттолгону бери эле жагы болуп калышы мүмкүн. Азыр мына УКМКнын ар кандай каймана аттары бар мурунку кызматкерлери абдан чоң бир иштерге барган деген фактылар чыгып атат. Алар боюнча азыр тергөө жүрүп атат. Бизнесмендерден, мурунку чиновниктерден алган миллиондогон акчанын бир бөлүгү бюджетке кетпей, ошол эле УКМКнын кызматкерлеринин өз чөнтөгүнө, өз капиталына айланып калган деген дагы сөздөр айтылып атат. Албетте, мунун баарын тергөө аныктаар. Менин оюмча, ал жерде эгер ошонун баары далилденип, Ташиевге каршы көрсөтмөлөр болуп, анан анын кайсы бир бөлүгү далилденип калса, анда Ташиевдин тагдыры чынында мындан да оорлошуп кетиши мүмкүн”.
Дагы караңыз
"Ташиевге саясий өкүм чыкты". Соттун чечими талкуудаКамчыбек Ташиев 2020-жылдын октябрь айындагы толкундоолордон кийин Садыр Жапаров менен бирге бийликке келген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти жетектеп турган 5 жылдан ашуун мезгилде атайын кызматтын сүрү болуп көрбөгөндөй өстү.
Тышкы чалгын жана контрчалгын жаатында ийгиликтери көп байкалбаганы менен ыңгайсыз саясатчыларды, активисттерди жана журналисттерди куугунтуктоо, камоодо көрсөткүчтөрү жогору болду. Атүгүл ишкерлердин менчигин тартып алуу, сын пикирин айткан жарандарды кечирим суратуу жана эркин иш-аракеттерге умтулгандарды кагып-силкүү адатка айланган.
Ташиев ишмердигинин көрсөткүчү катары кылмыштуу дүйнөнү жок кылганын, коррупцияны жойгонун, өлкө казынасына миллиарддаган сом каражат түшүргөнүн жана чек ара маселесин атап келди. Бирок кийин УКМКнын бир катар жооптуу кызматкерлери кылмыш иштеринин алкагында алынган каражат менен мүлктүн бир бөлүгүн өзүнө ыйгарып алышканы айтылган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жапаров-Ташиев тандеми эмнеден бузулду?