Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы, ушул тапта №27 абакта камакта жаткан Алга Кылычов кайрадан 10 күнгө айып изоляторуна камалды. Бул тууралуу 29-июлда анын жубайы Гүлнур Ниязова “Азаттыкка” билдирди. Маалыматты адвокат Акынбек Ногоев ырастап, Алга Кылычов айып изоляторуна 24-июлда эле киргизилгени белгилүү болгонун айтты.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) бул окуяга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.
Алга Кылычов 9-июлда эле беш күн айып изоляторуна жатып чыккан. ЖАМК соттолуучу жаза өтөө маалында ички тартиптин эрежелерин көп жолу бузганын, ушундан улам дисциплинардык чара колдонулганын билдирген.
Алга Кылычов 2024-жылы Аламүдүн райондук сотунун өкүмү менен 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга кесилген. Ушул эле чечимди кийин Чүй облустук соту да күчүндө калтырган.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин 2017-жылкы редакциясындагы “Барымтага алуу” жана “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” беренелери менен айып коюлган. Өзү тагылган кинени четке каккан.
Кой-Таш окуясы боюнча ишти негизинен Бишкектин Биринчи май райондук соту карады. Жараян 2022-жылы башталып, 2025-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 20 кишиге өкүм чыккан. Алга Кылычовдун иши өзүнчө бөлүнүп, Аламүдүн райондук сотунда каралган.
Алга Кылычов Кой-Таш окуясына байланыштуу 2019-жылы кармалып, алты айга чукул Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган. Кийинчерээк үй камагына чыгарылган. Ал тергөө абагында кыйноого кабылганын “Азаттыкка” курган маегинде айтып берген.
Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жараат алган. Бир нече иш козголуп, 2019-жылдан бери камакта отурган Алмазбек Атамбаев 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган жана 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек.
Бишкектин Биринчи май райондук соту Алмазбек Атамбаевдин чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган. Тергөө жана прокуратура органдары Кой-Таш окуясы боюнча коюлган айыптын далилдери жетиштүү экенин билдирген. (BTo/KE)