Бишкек – Балыкчы жүргүнчү поездин таш менен чапкан өспүрүмдөр аныкталды

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы тараткан сүрөт.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Бишкек – Балыкчы багытындагы жүргүнчү поездин таш менен чапкан өспүрүмдөр (К.А. 2007-жылы туулган, Ж.А. 2011-жылы туулган, С.Б. 2009-жылы туулган) аныкталганын билдирди.

Облустук милициянын маалыматында алар поезди таш менен урганын моюндарына алган жана ушул тапта тергөө иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен укуктук баа берилет.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы 27-июлдун кечинде Бишкек – Балыкчы багытындагы жүргүнчү поезд Новопокровка айылынан чыгып баратканда белгисиз адамдар таш менен чаап, жүргүнчүлөрдүн жана поезд бригадасынын кызматкерлеринин ден соолугуна, поезддердин кыймылынын коопсуздугуна коркунуч жаратканын кабарлаган. Таш вагондун терезесинин айнегин сындырып, вагондун ичине кирген.

Ушундай эле окуялар буга чейин да болгон.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы темир жол аркылуу жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу милдетин аткарат. Жыл сайын 7 млн тоннадан ашык жүк ташылып турат. (BTo)

Дагы караңыз

Мэрия “Мадина” базары 1-августта жабылбай турганын билдирди"Коммерсант": Wildberries Казакстандан кампа издеп жатат Иорданиядагы базага сокку урулгандан кийин АКШ Иранга каршы катуу жооп кайтарыларын эскерттиКазакстан Wildberries кампаларын ачууга жер издеп жатканын четке какты Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөтАбактагы Алга Кылычов кайрадан айып изоляторуна камалганы кабарланды Орусияда Telegram'дын негиздөөчүсү Дуровго террорчулук тууралуу айып тагылды