Мамлекет башчы Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу документке кол койду.
Мыйзамды парламент 24-июнда кабыл алган.
Ага ылайык, мындан ары президенттик шайлоо анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүлөт. Демек, кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында болот.
Парламенттик шайлоо учурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт аяктаган айдын шаршембисинде өткөрүлөт. Добуш берүү күндөрү иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө карабастан жумуш күнү катары эмгек акысын сактоо менен дем алыш күнү болуп эсептелет.
Демилгечилер муну элдин шайлоодо добуш берүүгө катышуусун көбөйтүү менен байланыштырган.
Буга чейинки шайлоо мыйзамы боюнча президенттик кезектеги шайлоо 2027-жылдын 30-январында өтмөк. (BTo)
Шерине