Кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрмө бекеттер 30га чейин көбөйөт

Кыргыз-өзбек чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы өткөрмө бекеттер 15тен 30га чейин көбөйөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 30-июлда Кыргызстанда мамлекеттик сапары менен жүргөн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушууда айтты.

Садыр Жапаров сүйлөп жатып андан тышкары кыргыз-өзбек чек арасын толугу менен чече турган келишимдерге да кол коюларын билдирди.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча делимитация жана демаркация жараяны аяктаганын Садыр Жапаров 2023-жылы 27-январда Бишкекке мамлекеттик сапар менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев келгенде айткан.

Эки өлкөнүн чек арасында жалпы 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабылган. Расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилеси 2016-жылдан тартып жакшырып, бекеттерди ачуу иштери башталган.

Ушул тапта кыргыз-өзбек чек арасындагы “Бек-Абад”, “Маданият”, “Баймак”, “Достук”, “Кызыл-Кыя”, “Кадамжай”, “Кайтпас”, “Ак-Кыя”, “Өтүкчү”, “Чечме”, “Кара-Суу” жана “Кең-Сай” бекеттери иштеп жатат. (BTo)

Дагы караңыз

Орусиянын Украинага жапырт соккулары: Бир нече киши каза тапты, 40тан ашууну жараат алды Украина Wildberries'тин Пенза, Удмуртиядагы кампасына, Краснодардагы портко чабуул койду Сабиров чет элдик инвесторлор менен түзүлгөн келишимдер ачык болорун айттыЛейлекте көмүр казууда мамлекетке 201 млн сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталдыОрусияда Telegram'дын негиздөөчүсү Дуровго террорчулук тууралуу айып тагылды“75чилердин иши”: Ташиевдин адвокаты райондук соттун өкүмүнө каршы арыз бердиБишкек – Балыкчы жүргүнчү поездин таш менен чапкан өспүрүмдөр аныкталдыМэрия “Мадина” базары 1-августта жабылбай турганын билдирди