Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн Чоң-Кара жана Таш-Төбө айылдарын расмий өткөрүп алуу иштери башталды.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, чек араны тактоодо алмашылган аймактардын жашоочуларынын жарандыгын аныктоо, аларды көчүрүү, мүлктүк, чарбалык жана башка маселелерди жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн биргелешкен жумушчу комиссиясынын отуруму 24-июлда Кадамжай районунунда өткөрүлгөн.
3-августта жумушчу топ элге түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул ишти Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев жана Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин миграция жана персоналдаштыруу департаментинин башчысынын орун басары Бехзод Сайфуллаев көзөмөлдөп жатат.
Мамлекеттик чек араны демаркациялоо иштеринин жүрүшүндө мурда Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу болгон Чоң-Кара жана Таш-Төбө айылдары Кыргызстанга өткөрүлгөн. Бул айылдарда негизинен этникалык кыргыздар жашайт. Алдын ала маалыматтар боюнча, эки айылда болжол менен 2 500 адам бар.
Эми алдыда аларга Кыргызстандын жарандыгын берүү боюнча иштер аткарылат.
Кыргызстан Чоң-Кара жана Таш-Төбө айылдарынын ордуна Өзбекстанга чек ара тилкесинен теңме-тең жер берүүнү макулдашкан.
Кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу делимитация жана демаркация жараяны аяктаганын президент Садыр Жапаров 2023-жылы 27-январда Бишкекке өзбек президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен келгенде жарыялаган. Андан кийин чек араны демаркациялоо боюнча жумуштар жүрүп жатканы айтылган. (JsA)