Алагөзов "чет өлкөлүктөр Кыргызстанда бир да объектини кайтарбай турганын" айтты

Аскат Алагөзов.

Президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Аскат Алагөзов “Кытайлык компаниянын кызматкерлери Кыргызстанда курал алып жүрүп, Кытай ишке ашырып жаткан долбоорлорду кайтарат” деген сөздөрдү четке какты.

Ал Кыргызстандын аймагында бир да чет мамлекеттин куралдуу күчтөрү же түзүмдөрү жок экенин, кен казуу же башка биргелешкен чоң-чоң долбоорлорду ишке ашыруу, аларды иштетүүдөгү коопсуздукту Кыргызстандын милиция кызматкерлери же жеке күзөт кызматтары камсыз кыларын кошумчалады.

“Бир дагы чет өлкөлүк жаран курал алып биздин аймакта кандайдыр бир объект кайтарбайт. Ага мыйзамдар да жол бербейт. Ошол эле маалда элди дүрбөлөңгө салуу максаты да кашкайып көрүнүп турат”, - деп жазды ал Фейсбуктагы баракчасына.

Аскат Алагөзов Кыргызстан Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) мүчөсү катары кабыл алган эл аралык милдеттенмелердин алкагында гана Кант шаарында Орусиянын бирдиктүү аскердик базасы иштеп жатканын кабарлады.

Социалдык тармактардын Айдар Раев аттуу колдонуучусу “Кытайдын компаниясы Кыргызстанда ири долбоорлорду, анын ичинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун кайтара турганын” жазган. Ошондой эле “Кыргызстан региондо чет элдик жеке аскердик компаниянын ишине уруксат берген жалгыз өлкө” экенин билдирген.

Аскат Алагөзов посттун автору Айдарбек Раев 2024-жылы АКШнын жарандыгын алганын айтып, элди жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.

Соңку мезгилде Кыргызстанда иштеген же жашаган кытайлык жарандар катышкан укук бузуулар тартылган фото-видеолор социалдык түйүндөргө тарап, талкуу жараткан. Ушундан улам коомдо кытайларга каршы маанай күчөгөн.

Ички иштер министрлиги мындай окуяларга катышкан чет элдиктердин айрымдарына эскертүү берип, кээ бирлерин кармаган. Мыйзам бузууга аралашкан бир топ чет элдиктер өз өлкөсүнө мажбурлап чыгарылган. (BTo)

Дагы караңыз

Орусияда дрон соккусунан он киши жабыркады, Wildberries'тин кампасы өрттөнүүдөОшто Увам каналына түшүп кеткен эки жашар кыздын сөөгү табылдыУкраинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко кызматтан бошотулдуӨкмөттө күйүүчү майга байланыштуу өлкөдөгү кырдаал талкууланды АКШ Кыргызстандын жарандарына виза үчүн күрөөнү 20 миң долларга чейин көтөрдү“75чилердин иши”: Прокурорлор шаардык сотко апелляциялык арыз берди