"Ош-Тазалыктын" кызматкерине кол көтөргөн аял милицияга жеткирилди

Милицияга жеткирилген аял.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы “Ош-Тазалык” муниципалдык кызматынын жумушчусу, 63 жаштагы Карачач Үкүевага кол көтөргөн аял аныкталып, Ак-Буура милиция бөлүмүнө жеткирилгенин кабарлады.

Ал Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунун 34 жаштагы тургуну экени, ушул тапта эч жерде иштебей турганы такталган. Ошондой эле окуя болгон күнү курбусу менен алкоголдук ичимдик ичип чыккандыгын, мас болгондуктан “Ош-Тазалыктын” кызматкери менен болгон чыр эсинде жок экенин айткан.

Окуя 1-августтун таңында болгон. Социалдык тармактарда тараган видеодо “Ош-Тазалыктын” кызматкери менен дагы бир аял жаңжалдашып жатканын көрүүгө болот. Карачач Үкүевага ал иштеп жатканда тааныбаган эле аял келип, ичке тепкенин айтып милицияга арыз жазган. (BTo)

Дагы караңыз

Адылбек Касымалиев күйүүчү май дагы кымбаттай турганын айтты1-октябрдан баштап өлкөдө эң аз пенсия 8 800 сом болотКыргызстанда адамдын сөөгүн крематорийде өрттөөгө тыюу салындыАлагөзов "чет өлкөлүктөр Кыргызстанда бир да объектини кайтарбай турганын" айттыОрусияда дрон соккусунан он киши жабыркады, Wildberries'тин кампасы өрттөнүүдөИранда Израилдин пайдасына "тыңчылык кылган" деген айып менен эки киши дарга асылдыУкраинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко кызматтан бошотулдуИран АКШ менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын четке какты