ТИМ: Түндүк Кипрде бычакталган Абдразакованын абалы оор бойдон калууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Түндүк Кипрде бычакталган Кыргызстандын жараны Жанерке Абдразакованын абалы оор экенин кабарлады. Өлкөнүн тышкы саясат мекемеси мындай маалыматты Бурхан Налбантоглу атындагы мамлекеттик оорукананын дарыгерине шилтеме берип билдирди.

“5-августта кошумча операция жүргүзүү пландаштырылган. Учурда Ж.А. жандандыруу бөлүмүндө дарыланууну улантууда. Баштапкы маалыматка ылайык, 6-августта жабырлануучунун жакын тууганынын Түндүк Кипрге келиши күтүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Түндүк Кипрдин укук коргоо органдары бул факты боюнча кылмыш ишин козгогон. Кол салган адам да оор абалда жаткандыктан анын ден соолугу жакшыргандан кийин сурак жүргүзүү пландалып жатканы айтылды.

3-августта Никосия (Лефкоша) шаарындагы Metropol Market дүкөнүндө Жанерке Абдразаковага кол салуу болгон.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Жанерке Абдразакова Казакстанда туулган, азыр Кыргызстандын жараны.

Түндүк Кипрдин полициясы билдиргендей, шектүү өзүнө да бычак сайган. Кипрдин маалымат каражаттары шектүү Түркмөнстандын жараны болушу мүмкүн экенин жазышты. Кол салуунун себеби белгисиз. (BTo)

Дагы караңыз

Адылбек Касымалиев чет өлкөлүктөргө жер сатылбай турганын айттыОрусия 475 дрон жок кылынганын, Тулада Wildberries кампасы өрттөнгөнүн билдирдиОрмуз кысыгы бүгүн-эртең ачылары кабарландыОрус тарапта согушкан туткундар арасында 51 өлкөнүн жарандары бар экени маалымдалды"75чилердин каты": Ташиевдердин иши шаардык сотто 10-августта каралып баштайтГемодиализ кызматын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча иш козголду