10-августта Жогорку сот жарандык активист, Фейсбуктагы пикири үчүн соттолгон Эрнис Жээнтаевге чыккан Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Сыдыков «Азаттыкка» билдирди.
Сот чечимине ылайык, Жээнтаев төрт жылдык пробациялык көзөмөлдө калат.
Адвокат Жогорку сотко жактоочу тарап да, прокуратура да кассациялык даттануу менен кайрылганын айтты.
Буга чейин Биринчи май райондук соту Жээнтаевди алты жылга эркинен ажыраткан. 26-мартта Бишкек шаардык соту өкүмдү өзгөртүп, аны Кылмыш-жаза кодексинин экстремисттик материалдарга байланыштуу 332-беренесинин 1-бөлүгү боюнча актаган. Ошол эле учурда "массалык башаламандыктарга чакырык жасоо" боюнча айыпты күчүндө калтырып, жазаны төрт жылдык пробацияга алмаштырган.
Эрнис Жээнтаев сот залынан бошотулган.
41 жаштагы Жээнтаев 2-3 гезиттин дизайнери болуп көп жылдан бери иштеп келаткан. Соцтармактагы баракчасында кымбатчылык, “Кумтөр” кенин улутташтыруу өңдүү маселелерге байланыштуу постторду жазып турган. Анын жашы жете элек үч баласы бар. Соттук-лингвистикалык экспертиза анын постторунда "жапырт башаламандыкка чакырык бар" деген корутунду чыгарып бергенден кийин милиция эки берененин негизинде иш козгогон. (ZKo)