Кыргызстанда BARS улуттук бренди менен автоунаа чыгарылат. Өнүм ички рыноктон тышкары Борбор Азия жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөрүнө экспорттолот.
Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
"Электр кыймылдаткычы менен иштеген жеңил, коммерциялык жана атайын багыттагы автоунааларды өндүрүүгө жана чогултууга багытталган автомобиль өнөр жай кластерин түзүү долбоору ишке ашууда. Алгачкы этапта өндүрүштү ири түйүндүү чогултуу ыкмасы менен уюштуруу, андан кийин майда түйүндүү чогултууга жана толук өндүрүш циклине өтүү пландалууда", - деп жазылган маалыматта.
Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 миңге чейин автоунааны түзөт. Долбоор 15 гектар жер тилкесинде ишке ашырылып, 100 жумуш ордун түзүү каралган.
Ишкананы 2026-жылдын үчүнчү кварталында ишке киргизүү пландалууда. Долбоор толугу менен демилгечинин жеке каражаттарынын эсебинен каржыланат. Мамлекет тарабынан жер тилкесин берүү боюнча колдоо көрсөтүлгөн.
Соңку айларда Орусиядагы мунай заводдоруна дрон менен чабуул коюлгандыктан, күйүүчү май тартыштыгы жаралды. Адистер мындай абал улана берсе, калктын басымдусу электромобилдерге оой турганын эскерткен.
12-августта өткөн маалымат жыйында экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Кыргызстанга электромобилдерди бажы алымсыз киргизүү квотасы 15 миңден 25 миңге чейин көбөйтүлгөнүн билдирген.
Былтыр Кытайдын айрым компаниялары Кыргызстанга инвестиция салып, 2024-жылы Бишкектин чет жакасында 115 миллион долларга электромобилдерди жана коммерциялык унааларды өндүрүүчү завод курууга киришкени кабарланган.
- Кыргызстанда буга чейин дагы автоунаа кураштыруу аракети болгон. 2022-жылы “Белес.kg” компаниясы автобус кураштыруучу завод ачкан. Компаниянын иши менен таанышканы барганда президент Садыр Жапаров мамлекет сыноо иретинде андан 10 автобус сатып аларын билдирген. Бишкек шаардык мэриясы кийин атамекендик компания чыгарган транспорттун баасы жана башка шарттары туура келбей жатканын билдирип, автобус сатып алуудан баш тарткан. (ST)