Энергетикадагы авариялык өчүрүүлөрдү комиссия иликтейт

Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешмеде электр берүү линияларынын авариялык өчүрүү учурлары боюнча маселе көтөргөнүн “Ынтымак ордо” кабарлады.

Өкмөт башчы акыркы жарым жылдын ичинде өлкөдө 26 жогорку чыңалуудагы авариялык өчүрүү катталганын айтты. Анын негизги себептери катары жабдууларды пайдалануу эрежелерин, коопсуздук техникасын бузуу, жабдуулардын техникалык абалы, электр берүү линияларынын үзүлүүсү жана айрым жооптуу жетекчилердин кайдыгер мамилеси айтылды.

Адылбек Касымалиев ар бир пландан тышкаркы өчүрүү социалдык нааразычылыкты жаратып, бизнеске зыян келтирерин, бул күз-кыш мезгилине даярдануу учурунда таптакыр жол берилгис көрүнүш экенин белгиледи.

Буга байланыштуу Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азамат Апсатаровго маселени жеке көзөмөлгө алуу, өлкөнүн бир катар аймактарында, анын ичинде 14-августта болгон окуя боюнча электр энергиясынын өчүшүнүн себептерин изилдөө үчүн атайын комиссия түзүү тапшырмасы берилди.

“Министрлер кабинетинин башчысы министрликтердин, энергетикалык компаниялардын жана подряддык курулуш уюмдарынын бул өчүрүүлөргө жол берген кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук жана тартиптик баа берүү тапшырмасын берди. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча толук сунуштарды киргизүү тапшырылды”, - деп айтылат өкмөт тараткан маалыматта.

14-августта Кыргызстандын бир катар аймактарында электр жарыгы өчүп кайра күйгөн. Энергетика министрлиги муну коңшу Казакстандагы жогорку чыңалуудагы линиянын өчүшүнөн улам Борбор Азиянын энергосистемасы изоляцияланган режимге өткөнү себеп болгону менен түшүндүргөн.

Казакстанды электрэнергиясы менен камсыздаган KEGOC компаниясы ал күнү Токтогул ГЭСиндеги эки гидрогенерат өчүп, Алматы, Жамбыл, Түркистан, Кызылордо баш болгон бир топ аймактарда жарык өчкөнүн билдирген.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги KEGOC компаниясына жооп берип, иликтөө аяктаганга чейин авариянын бардык кесепеттери үчүн жоопкерчиликти Кыргызстандын энергетикалык тутумуна жүктөө туура эмес экенин кабарлады. (BTo)

Дагы караңыз

Энергетика министрлиги электр жарыгы боюнча KEGOC'ко жооп бердиЖогорку сот Фейсбук колдонуучусу Маратбек уулун актаган өкүмдү күчүндө калтырдыБелгороддун бийлиги Колосково кыштагында ракеталык соккуда алты киши каза тапканын билдирди Рысгүл Акимжанова айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалдыИранда "кас" маалымат каражаттарына маек бергендер абакка кесилет Өкмөт ички дүң өнүм 1 триллион 172,7 миллиард сом болгонун билдирдиКорумду чокусунда жоголгон үч альпинисттин сөөктөрү байкалганы кабарланды Подмосковьеде дрон соккусунан Wildberries'тин кампасы өрттөндү, Ростовдо беш киши каза тапты “75чилердин иши”: Адвокаттар тергөөчүлөргө, судьяга чара көрүүнү өтүнүп жатышат